Кыргызстандык Али Шабдан ага эки киши келип, анын кагазга бастырылып чыгарылган постторун көрсөтүшкөнү тартылган видеону жарыялады. Видео Таласта тартылган.

Видеодогу кишилердин бирөөсү милиция капитаны Кубат Самудиновдун атына жазылган документти көрсөткөн.

Анын айтуусу боюнча, ИИМге Али Шабданга тиешелүү материал УКМКдан келген — муну ал көрсөткөн документ да ырастайт.

Атайын кызматтын кыжырына тийген посттордун арасында Али Шабдандын Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу иллюстрацияны кайра бөлүшкөнү жана саясат тууралуу тамашалуу посттору бар болгон.

Иллюстрация Нурбек Наска таандык. Иллюстрацияда тартылган Айеркен Саймаити — бул Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранттарынын жана ишкерлердин бири. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан болгон аткезчилик тууралуу журналисттерге айтып бергенден кийин Түркияда киши колдуу болгон. Иллюстрацияда тартылган дагы бир каарман — Эмил Кимсанов. Ал Раим Матраимов ага журналист Али Токтакуновду алып келишин талап кылган деп айтып берген мурдагы бажычы. Токтакунов — өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири.

«Ушул иш боюнча сиз жүрүңүз, барып түшүндүрүү иш боюнча сиздин түшүндүрмөңүздү алып, башка эч нерсе кылбайбыз. Сиз менен биз эмне кылмак элек?!» — деп дейт милиционер. Ошол эле кезде ал бастырылып чыгарылган кагазда Али Шабданга доомат койгудай эч нерсе жоктугун айтат.

«Бул жерде мындай да. Бизге материал келди да, эми ошону биз аткарышыбыз керек да. Кандай дейсиң? Сиз биздин бөлүмдүн начальнигине кирип, сүйлөшүп кайра чыгасыз», — дейт милиционер видеодо.

«Тамаша деп ойлогом»

Али Шабдан

Видео 1-май күнү эртең менен тартылган. Милиционерлер келгенге чейин Али Шабданга чалышкан — чанында, ал бул тамаша го деп ойлогон.

«Саат жетилерде го дейм, чоочун бир номерден чалышты. Таң калып, трубканы алдым. “Фейсбукта бир постторду чыгарыпсыңар, сиз менен сүйлөшүшүбүз керек” дей башташты. Талас ОИИБнин кызматкерлерибиз деп тааныштырышты өздөрүн. Мен бул тамаша окшойт деп ойлодум», — деп айтып берди Шабдан «Клоопко» курган маегинде.

Сүйлөшүүдөн 20 мүнөт өткөндөн кийин милиционерлер анын үйүнө келишкен. Мындан тышкары, анын үй-бүлөсүнө айыл өкмөтүнөн чалып, анын телефон номерин сурашкан. Ал эми милиция келгенге чейин бир нече күн мурда анын соцтармактагы аккаунттарын бирөө бузууга аракет кылган.

«Келишти, алар менен учураштым, видеого тартам деп айттым. Видеого тарттым, алар каршы деле болушкан жок. Андан кийин Талас ОИИБсине бардык», — деди Али Шабдан.

ИИБден ага кайрадан УКМКнын сурамы боюнча түшүндүрүп, мындай постторду жарыялабоону суранышкан. Анткен менен, Шабдандын айтымында, милиционерлердин өздөрүнө деле аны менен эмнеге сүйлөшүп атышканы түшүнүксүз болгону байкалып турган.

«Ушундай кыла берүүнү токтотуш керектигин айтышты, жабыша турган бир нерсе таба турушкандарын [айтышты]. Бул менин конституциялык укугум деп айттым. Мен өз оюмду ачык билдирүүгө укуктуумун», — деп билдирди Али Шабдан.

20 мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин андан түшүнүк кат жазууну өтүнүшкөн. Ал милиционерлердин оозеки айтып берүүсү менен түшүнүк жазуудан баш тартып, өз оюн билдирүүгө укугу бар экенин жана мыйзамга каршы келе турган эч нерсе жарыялабаганын жазган.

«Эч кандай доо жоктугун айтышты. Болду, ошону менен үйгө жеткизип коюшту. Менимче бул видеодон кийин дагы келишсе керек. Алар мага эскертишкен да», — дейт ал.

Али Шабдан мурда укук коргоо органдарынын кызыгуусун байкабаганы менен коррупцияга каршы митингдердин жана зомбулукка каршы акциялардын катышуучуларынын бири болгонун айтты.

«Милиционерлердин аракеттери мыйзамдуу»

Материал жарык көрөөр алдында УКМК комментарийге жеткиликтүү болгон жок — басма сөз кызматтан 20 чалуунун бирөөсүнө да жооп беришкен жок. Талас ОИИБинен бизге милиционерлер чындап эле Али Шабдан менен сүйлөшүшкөнүн, алар буга УКМК тарабынан болгон сурамдан улам милдеттүү болушканын тастыктап беришти.

«Бул оперативдик кызматтын кызматкерлери. Кызматкерлердин бардык аракеттери мыйзамдуу. Түзүмдөр арасында кызматташтык бар, алар текшерүү иши үчүн материалдарды жөнөтүшөт. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Кызматтык текшерүү аяктагандан кийин сизге бузуулар боюнча маалымат беребиз», — деп билдиришти ИИБден «Клоопко».

Бул УКМК жарандарга «түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандагы» биринчи эле жолу болуп аткан окуя эмес. Коронавирустун пандемиясынан улам ӨА режими киргизилгенден кийин күч кызматкерлери адамдарды жалган маалымат таратуу үчүн кармап, аларды кечирим суроого мажбур кылышкан.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев күч түзүмдөрүнүн аракеттерине баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратура сурам жөнөттү. Бирок, башкы көзөмөл органы УКМК тараптан мажбурлоо фактысы болбогонун жана адамдар «өз ыктыяры менен кечирим сурашканын» айткан.

Авторлошу: Рустам Халимов

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы