Иллюстративдик сүрөт. Cүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 2-майдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 13 учуру катталганын маалымдады — алардын экөөсү медкызматкер.

Өпкө илдетине Бишкекте үч, Ош облусунда бир, Ош шаарында эки, Жалал-Абад облусунда төрт, Баткенде эки, ал эми Нарында бир адам чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 769га жетти — анын 200ү медкызматкер. COVID-19га чалдыккан бейтаптардын 527си айыгып, сегизи каза тапты.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 3232ни түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ооруканаларда бүгүнкү күндө 234 адам жатат. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө беш бейтап которулган. Жалпысынан өлкө боюнча 828 адам обсервацияга алынган.

Ошондой эле 2-майга чейин жалпысынан 53 662 адамдан анализ алынган. Алардын 53 580нинин жыйынтыгы чыккан.