Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан «Сардобин» суу сактагычында дамба жарылып кетти. Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, кырсык 1-майдын таңында катуу жааган жамгырдан жана шамалдан кийин орун алган. Жыйынтыгында байланыш түйүндөрү, эгин талаалары жана жарандардын турак жайлары суу алдында калды.

Айрым ЖМКлар Өзбекстандын ӨКМине таянып кырсыктан эки өспүрүм каза тапканын жазышты. Алардын бири 14, экинчиси 9 жашта болгон.

«Озодлик» үналгысы Сырдарыя облусунун Сардоба, Мирзаобод жана Акалтын райондорунун он миңден ашуун жашоочулары эвакуацияланганын кабарлады. Ал эми Sputnik басылмасынын өзбек кызматы жалпы 70 миңге чукул адам эвакуацияланып 56 адам ооруканага жаткырылганын билдирди.

Тургундардын бири «Озодлик» басылманын журналистине телефон аркылуу дүрбөлөң саат таңкы 6да башталганын ырастаган.

«Көчөдө милиция кызматкерлери “Тургула, Жизак тарапка карай качкыла, Сардобин суу сактагычында дамба жарылып кетти” деп кыйкырып жатышты. Биздин үй суу сактагычтан бир километр аралыкта жайгашкан. Биз дароо эле документтерибизди алып көчөгө чыктык. Карасак көчөдө ызы-чуу, баары өздөрүнүн унааларына отуру качып жатышты. Бизде качып жөнөдүк. Суу ушунчалык коркунучтуу үн менен агып келе жатты, биз унаабыз менен айылдан чыгып кеткенге үлгүрүп калдык», — деп айткан ал.

Окуя болгон жерге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жетип барып, коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундар менен жолугуп, кырдаал көзөмөлгө алынганын жана адамдардын баары турак жай жана азык-түлүк менен камсыз болушаарын айтты.

«Бул күтүлбөгөн сыноо. Аксакалдардан, бийлик өкүлдөрүнөн жана айыл башчыларынан суранаарым: биз жарандарды үйлөргө, чатырларга жайгаштырып, аларды тамак-аш менен камсыздообуз абзел. Болгон күчүбүздү жана каражатты жумшайбыз» — деди ал.

Мирзиёев өз сөзүндө бир дагы үй-бүлө, бир дагы адам көңүл сыртында калбайт деп белгиледи. Ошондой эле кырдаал жакшырмайынча эч бир мамлекеттик кызматкер иштен алынбасын айтты.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Суу чарба министрлигинин, курулуш жана оңдоп-түзөө уюмунун, укук коргоо органдарынын жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барууда.

Жакынкы калктуу конуштардын жашоочулары мектеп, коллеж, ишканалардын имараттарына жайгаштырылды. Жабыркагандардын бир бөлүгүн башка аймактардын жашоочулары өз үйүндө кабыл алышты.

2017-жылда курулган суу сактагычта 930 миллион куб метр өлчөмүндө суу сакталат.