Исфана шаарда сел калдыктары тазаланууда. Сүрөт: ӨКМ

Баткен облусунун Исфана шаарында сел калдыктарын тазалоо жана сел сууларын сордуруу жумуштары аткарылууда. Адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 20 куткаруучусу иштеп жатат. Ошондой эле шаарга техникалык каражаттар да тартылды.

ӨКМдин башчысынын орун басары Равшан Рысбаев Исфанада жүрөт. Ал селдин кесепеттерин жоюу боюнча ишти көзөмөлдөп жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча, шаардагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан төрт турак үйдүн жертөлөөсүнө, 10 турак үйдүн короолоруна, «Арча-Бешик» бала бакчасынын жертөөлөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде бир турак үйгө сел суулары кирген.

Ошондой эле Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 380-киллометри, Исфана — Андарак — Көк-Таш унаа жолунун 10-27 чейинки киллометри, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27 чейинки киллометри кум-шагылга толтурган.

Сел 2-майда саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдан кийин жүргөн. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен аймак канча зыян тартканы азырынча белгисиз.