COVID-19га карата тест өтүлгөнү тууралуу маалым катсыз Бишкекке кирүү чектелиши мүмкүн — Мэрия

Эгер өзгөчө абал режими 10-майдан кийин узарбай турган болсо, анда Бишкек шаарынын мэриясы автоунаалар менен жарандардын калаага кирүүсүнө чектөө киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 4-майдагы брифингде Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, калаанын кире беришиндеги блокпосттордо бир гана автоунаа жана жөө адамдар үчүн өткөрмөлөр гана текшерилбестен, коронавирус инфекциясына тапшырылган анализдин терс жыйынтыктары тууралуу да маалым кат текшерилет.

«Эгер 11-майдан тарта өзгөчө абал режими алына турган болсо, Бишкек мэриясы автоунаалар менен адамдар үчүн шаарга кирүүдө белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү маселесин карап жатат. Өткөрмө барактары жана экспресс тестирлөө аркылуу анализ өткөрүлгөнү жөнүндө маалым каттарды же болбосо ПЧР тестин көрсөтүү [талап кылынышы мүмкүн]», — деди Кузнецова.

Бүгүнкү күндө коронавируска анализди Бишкектин бир жеке лабораториясында гана тапшырса болот жана анын баасы 2000 сомдон ашуун акчаны түзөт.

Бонецкий лабораториясынын сайтынан алынган скриншот.

Шаарда ички блокпостторду кайтаруу жөнүндө

Кузнецованын айтымында, калаада жуктургандар менен байланышта болгондорду, анын ичинде Бишкекке кирип жаткандарды аныктоо жана издөө чаралары күчөтүлүп жатат.

«Биз шаар ичинде санитардык постторду орнотууну жана коронавирусу аныкталган жана алар менен байланышта болгондор аныкталган очоктордун баарын текшерүү маселесин карап жатабыз», — деди ал.

Кузнецова өлкө боюнча COVID-19 жуктуруунун өтө эле көп — 231— учуру Бишкекте катталганын эске салды.

«Алардын ичинен 69 адам 16 конушта жашайт. Ал аймактарда мэрия карантин чараларын күчөтөт. [Жаңы жуктуруу учурлары] эгер өз алдынча обочого кетүү шарты толук кандуу сакталса гана азаят», — деди ал.

Обочолонуу режимин сактабоо

Обочо эрежелери сакталбай жаткандыгын Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев да айткан.

Анын айтымында, 1-майдан тарта кээ бир иш тармактарынын жанданышына уруксат берүүнү көпчүлүк шаардыктар «чектөө чараларын жеңилдетүү» катары кабыл алып, үйдө отуруу режимин буза башташкан.

«Шаар активдүү жандана баштады, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган шаардыктар көбөйүп жатат. Себепсиз көчөгө чыгышууда, андан тышкары, жеке иштери менен автоунааларда жүрө башташты», — деп билдирди Орозалиев.

Анын айтымында, мындай аракеттер коронавирус инфекциясын жуктуруу жана анын жайылуу коркунучуна алып келет.

«Жарандарыбызды санитардык эрежелерди жана ӨА режиминин талаптарын, коменданттык саатты сактоого чакырам. Биз өз ара байланышты азайтуубуз керек, анткени эгер жоопкерчиликсиз мамиле болгон учурда жуктуруунун экинчи толкунуна кабылышыбыз мүмкүн», — деди комендант.

Өткөн сутка ичинде врачтар коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаңы 35 учурун катташты. Кыргызстанда алардын саны 830га жетти. Эгер өлкө боюнча жуктургандардын саны азайбаса, бийлик ӨА режимин узартууга аргасыз болот. Азырынча ал 11-майга чейин күчүндө сакталат.