Депутат Кубанычбек Жумалиев. Сүрөт: Reporter.kg

Ар кайсы убакта транспорт жана жол министри, премьер-министр болуп иштеген «Бир Бол» фракциясынын парламенттеги депутаты Кубанычбек Жумалиев 5-майда Куранды кармап, эч качан коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирди.


«Мен, Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович, 1992-жылдан 2005-жылга чейинки иштеген учурда бир дагы коррупциялык ишке катышкан эмесмин. Экинчиден, менин туугандарын сурап келгенде интеллектуалдык деңгээлде идеямды айтып, бирок алар өз эмгеги менен өз тапкан акчасына сатып алып иштеп жатышат. Кайсы учурда болбосун, так жана таза адам катары жүрөм», — деди ал.

Депутат ант берген күнү, өзүн прокуратуранын мурдагы кызматкеримин деп тааныштырган Сыймык Жапыкеев аттуу фейсбуктун колдонуучусу бир нече саясатчылар күмөндүү жол менен байыган деп алардын аттарын атап берген. Жапыкеев атаган адамдардын арасында Жумалиев да бар болгон. Ал депутаттын мекемелеринин текшерилишин талап кылган.

«Жумалиев бир тууган жездеме [баасы] миллиондогон төрт объектти каттаткан. [...] Ошого [баасы] миллиондогон заводдорду, фабрикаларды, жерлерди жол-жоболоштуруп койгон. Бул боюнча арыз жазам мен, бүт териштиребиз. Биз достор Жумалиевди аягына чейин бүтүрөлү, муну каматалы, комиссия түздүрөлү. Жумалиев “Таатан” жээнимдики [деп жатат]. [...] Ал “Насаат ТВ” ачып алыптыр, карасам бүт эле концерт», — деди Жапыкеев.

Говорит и показывает Кухня!!!Серия -7 Раатбек Санатбаевдин олумуно Аскар Акаевдин тиешеси туздон туз. Ал 8 сериясында. Кудай буюрса эл жендик!!! Аягына чыгып кустуралык. Жумалиев Мамлекеттин каракчысы. Роза эжемдин концерти бутту, элди сотко берсин соттошобуз. Чон Казаттын информация алуу болуму 0222441313, 0705441313. Мага менин страничкамда турат, ютуб каналга жазылыныз, личный стоаничкада мессенджер иштебейт, блоктоп салышкан. Инстаграммды да блоктошту, кайра ачылды жазылыныздар.

Posted by Сыймык Жапыкеев on Tuesday, May 5, 2020

Курулуш компаниялар, кабелдик тв жана өз атындагы мектеп

Эфирде ант берген депутат Жумалиев өткөн жылдын декабрь айында Economist.kg басылмасы менен «Декларатор» долбоору чыгарган иликтөөнүн фигуранты болгон. Журналисттер аныкташкандай, Жумалиев өз декларацияларында ага жана анын жубайы Роза Амановага толук же жарым-жартылай таандык болгон 33 фирманы көрсөтпөй, аларды Салык кызматынан жашырып койгон.

«Депутаттын статусу жөнүндө» мыйзамына ылайык, парламентарийлер бир эле учурда башка мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалай алышпайт, алар ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, ошондой эле коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире алышпайт.

Жумалиев Куран кармап берген антында айткан жылдары жогорку мамкызматтарды ээлеп турган. 2005-2015-жылдары тыныгууда болуп, ал бул жылдар аралыгында Улуттук илимдер академиясында илимий ишмердик кылып жүргөн. 2015-жылы Жумалиев парламенттин алтынчы чакырымында депутат болуп шайланган.

Журналисттердин маалыматы боюнча, ал мамлекеттик кызматта иштеп жатканда 33 фирманын ичинен 11ин ачууга жетишкен жана алардын сегизин парламенттин депутаты болуп турганда ачкан.

Депутаттын бизнесинин арасында, Юстиция министрлигинин базасында жеке менчик формадагы «мектептер, колледждер, университеттер» деп катталган компаниялар көп — бардык фирмалардын үчтөн бири билим берүү тармагында иштейт. Анын ичинде, 2016-жылы Жумалиев депутат болуп иштеп жатканда өз атын ыйгарып ачкан Физика-математика багытындагы мектеп-лицейи да бар.

Парламентарийдин дагы жетиге чукул компаниясы жеке турак жай курулушу жана ушул сыяктуу ишмердикти жүргүзөт. Ошондой эле эл өкүлүнүн микрокредиттик компаниясы, кабелдик телевидениеси, кагаз фабрикасы жана башка ишканалары бар.

Салык кызматынын ачык маалыматтарына ылайык, 12 компания депутат өзү каттоодо турган дарек боюнча катталган. Дагы алты компания Анкара 1/17 дарегине жазылган, бирок чындыгында ал жерде Эл аралык медициналык университет жайгашкан.

Economist.kg басылмасы 33 фирманын ар бири туруралуу маалыматтарды да жарыялаган. Аларды кеңири бул жерден окуса болот.