«Азыркы учур» басылмасы Бишкектин жанындагы конуштарда коронавирус пандемиясынан улам ачарчылыкка учураган тургундар тууралуу тасма тартып жарыялады.

«Дүйнө жүзү коронавирустун панемиясы менен күрөшүп жаткан чакта Бишкектин чет жакасында жашаган адамдар ачка калбоонун амалын издеп жатышат. Адамдар бир айдан ашык убактан бери обочодо жашап жатышат — жумушсуз, акчасыз жана тамак-ашсыз. Келип жаткан гумжардам ар бирине жеткен жок, ал эми бийлик алардын жардам берүү суранычын байкабагандай», — деп жазат «Азыркы учур» басылмасы.

Тасманын каармандары «Дордой» базарында иштешет, бирок азыр базар жабык, ал эми анда иштеген адамдар күнүмдүк жумушунан ажырап отурушат. «Биз коронавирустан эмес, ачкачылыктан өлөбүзбү деп коркобуз», — деп айтып берет каармандардын бири. Башка каарман ачка болгонунан ээси ооп жыгылат — ал эки күндөн бери оозуна тамак алган эмес, андыктан тамак үчүн иштөөгө даяр.