Кыргызстанга Соль-Илецктен 500дөн ашуун мекендеш кайтып келе жатат

ТИМ Кыргызстанга «болжол менен 550 адам» (айрым ЖМКлар 519 адам деп билдиришүүдө) кайтып келе жатат. Алар пандемия учурунда Орусиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан чыга албай калышкан.

Алар 10 автобуска отургузулуп, Казакстандын жол полициясынын коштоосунда Кыргызстанды көздөй бет алышкан. ТИМ алар Казакстандын аймагына 5-майда киришкенин кабарлады.

«Автобустардын кыймылы үчүн ачылган транзиттик коридор казак тараптын Соль-Илецкте жайгашкан Кыргыз Республикасынын белгилүү бир сандагы жарандары үчүн берген бир жолку акциясы болуп эсептелет», — деп билдирет ТИМ.

Кыргызстандыктар мекенине март айынан бери кайта албай жатышкан. Ал эми апрель айынын башында кыргыз бийлигине үйлөрүнө кайтууга жардам берүүлөрүн өтүнүп видео кайрылуу да жаздырышкан.

Оренбургдун ЖМКлары кыргызстандыктар автоунааларын Орусияга калтырууга аргасыз болушканын жазышууда. Алар унааларын чек аралар ачылганда барып алып кете алышат. 70 адам автонаалары менен калган. Алардын унаалары үчүн акысыз токтоо жайы берилген.

Ошондой эле Оренбургдун ЖМКлары Бузулукта дагы 300 кыргызстандык бар экенин билдиришүүдө. Алар да мекенине кайтууну күтүп жатышат. Ушул эле маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине таянып айрым кыргыз басылмалары да жазып чыгышты.