Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын 71 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 7-майда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Өпкө илдетинен айыккандардын 15и Бишкек шаарында, сегизи Ош шаарында катталды.

Өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алган 895 бейтаптын 637си илдеттен сакайды — бул ооруну жуктуруп алгандардын дээрлик 71 пайызын түзөт. Айыккандардын арасында 161 медкызматкер бар. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 246 адам жатат — алардын жетөөсү оор абалда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.