Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 7-майда маалымдагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы 24 учуру катталды — ооруну жуктуруп алгандардын арасында үч медкызматкер бар. Коронавирусту Нарын облусунан 12, Чүй облусунан төрт, Ош жана Жалал-Абад облусттарындан үчтөн, Бишкек шаарында эки адам жуктуруп алды.

Өлкө боюнча COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 895ке жетти — анын 224ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 637 адам айыгып, он эки бейтап каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылууда — бүгүнкү күндө борбор калаада илдетти жуктургандардын саны 257 адамды түздү. Ош облусунда коронавирустун жалпысынан 285 учуру катталган — алардын 113ү Ош шаарында.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 132 , Нарын облусунда 115 , Чүй облусунда 78 ,Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда он учур катталган — бул аймактагы баардык оорулуулар айыккан. Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 246 адам калууда. Алардын ичинен жетөө оор абалда, төрт бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 671 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен 4 071 адам карым-катнашта болгон — алар медициналык көзөмөлгө алынды.

7-майга чейин изилдөөлөр үчүн 69 333 үлгү келип түштү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 2 121.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.