Сүрөт: МКК

Өзгөндүк Саламатхан Маллабекова жаңы паспортко ээ болду. МКК карыя 46 жыл өткөндөн кийин биринчи жолу кыргыз паспортун алып жатканын, буга чейин анда советтик гана документтер болгонун кабарлады.

«Ал 1920-жылы туулуп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашап келет. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү, анын ичинде ЗАГС документтери жок болгондуктан узак убакыттан бери паспорт алууга документтерди жол-жоболоштура албай келген», — деп билдирет мамкызмат.

Өзгөндүн Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери ага документтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, паспортту эки күндүн ичинде жасап беришкен.

«100 жаштагы Саламатхан алты баланын апасы, 28 неберенин чоң энеси, анын 106 чөбөрөсү жана 61 чебереси бар», — деп билдиришти МККдан.