Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 11 адамдан табылды — алардын экөөсү медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-майдагы брифингде билдирди.

Бишкекте 5, Чүй жана Жалал-Абад облустарында үчтөн учур катталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 906га жетти — анын 226сы медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 650 адам айыкты, он эки бейтап көз жумду.

Коронавирустун эң көп учуру Ош облусунда катталды — 285, анын 113чү Ош шаарында аныкталды. Бишкек бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келатат — 262 учур.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 135, Нарын облусунда 115, Чүй облусунда 81, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда он учур катталган — бул аймактагы бардык оорулуулар айыккан. Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Учурда ооруканаларда 244 адам калууда. Алардын он экиси оор абалда — алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1250 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 4112ни түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган. Ошондой эле өткөн сутка ичинде 2081 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.