Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими узартылат — Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн 9-майга карата куттуктоосунда өлкөдө өзгөчө кырдаал режими узартыла турганын үстүртөн айтып өттү.

«Адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат», — деди ал. Анткен менен кайрылуу жарык көргөн учурда президенттин сайтында ӨК режими узартыла тургандыгы тууралуу жарлык чыккан эмес.

Башында өзгөчө кырдаал (ӨК) режими Кыргызстанда бир айга киргизилип, бирок кийин узартылган. Кыргызстанда ӨК режими өлкө боюнча 22-марттан тарта иштеп жатат, ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлардында бир айдан ашык убакыттан бери өзгөчө абал тартиби күчүндө болууда. ӨА режими — бул катаалыраак тартип жана анда коменданттык саат бар.

ӨА режими 10-майга чейин күчүндө болот, ал эми ал андан ары узарабы же жокпу азарынча белгисиз. 1-майдан тарта компаниялардын бир нече бөлүгү иштей баштаган. Бизнес жана ишканалар узакка созулган карантинден кийин үч этап менен ишин башташат — 1, 11 жана 21-майда. Бирок, мисалы, бала бакчалар ӨК режими аяктамайын иштей алышпайт.

ӨК жана ӨА режимдери коронавирус пандемиясынан улам киргизилген. Кыргызстанда инфекцияга чалдыккан алгачкы жарандар 18-мартта пайда болгон. Ал убактан бери өлкөдө вирус жуктуруунун 906 учуру катталып, алардын ичинен 12си оорудан каза тапкан.