Таласта коронавирус инфекциясына текшерүү жүргүзгөн лаборатория ачылды

Талас облусунда жаңы мамлекеттик вирусологиялык лаборатория ачылды. Лаборатория 9-майдан баштап COVID-19дун бар-жогуна анализдерди алып изилдей баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, лаборатория Казакстан менен чектеш чек арадан өткөндөрдөн гана анализ алууга ылайыкталган.

«“Чоң-Капка” көзөмөл өткөрмө пунктунан өтүп жаткан жарандар же айдоочулардын баары жеринен текшерилип, ошол жерден жыйынтык алып, кетип жаткан маршруту боюнча жөнөй берет», — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, Таласта лаборатория ачылганга чейин аймактагы анализдердин бардыгын текшерүү үчүн Бишкекке жеткирип туруу убаракерчилиги бар болчу.

Үсөнбаев Кыргызстан боюнча жалпы 9 лаборатория иштеп атканын, аларда ПЧР анализдерди текшерүү үчүн 14 аппарат бар экенин кошумчалады. Күн сайын аталган лабораторияларда 2 миңден ашуун анализ жүргүзүлөт.

8-майга карата, Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясы 906 адамда аныкталды. Жуктуруу учурлардын көбү Бишкекте катталган — 262 адам. Ошол эле учурда Талас облусунда COVID-19 жуктуруунун бир да учуру каттала эле.