Өлкөдө коронавирус жуктурган дагы 8 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штаб 9-майда коронавирустан дагы 8 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганын маалымдады. Бишкекте 7 жана Нарын облусунда бир бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган 931 жарандын он экиси каза болду. Ал эми 658и айыкты — бул оорулуулардын 70 пайызын түзөт.

9-майга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 25 учуру катталды. Учурда ооруканаларда 261 адам дарыланып жатат — алардын алтоосу жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.