Алина Печенкинанын иллюстрациясы

Коронавирус пандемиясы кыргызстандыктардын бардык жашоо тармагына таасир тийгизди. Өзгөчө күнүмдүк турмуш-тиричилиги өзгөрдү, анткени адамдар инфекциянын жайылып кетүү коркунучунан улам карантинде отурууга аргасыз. Өз кезегинде бул өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшүнө алып келди. «Клооп» агрессор менен жалгыз калганда аман калууга жардам бере турган сунуштарды даярдады.

Алина Печёнкинанын иллюстрациясы

Элинанын окуясы

Элина элдин баары бир айдан ашык убакыттан бери карантинде отурганда, тагыраагы 4-майда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган. Анын иниси алардын үй-бүлөсүнүн ал-акыбалын сурайын деп жездесине чалып, эжеси ур-токмокко алынганын кокусунун билип калган. Ал убакта Элина бир нече айдан бери телефону жок жүргөн, ал эми туугандары менен күйөөсү аркылуу гана байланышып жаткан.

«Болжол менен саат 21:30да трубканы эжем алды. Анын ыйлап жатканын уктум, ал “Мени урат, дайыма урат, жардам берчи…” деп араңдан-зорго айтты. Ошол эле учурда ары жактан күйөөсүнүн орой сөздөрү угулуп турду, жакшыраак сүйлөшүүгө аракет кылдым, бирок эжемдин сүйлөгөндөн кыйналып атты. Дароо милиция чакырттым, коменданттык саат болгону үчүн мен өзүм, апам жана эжем менен үйдөн чыгууга кыйын болду. Акыры биз транспорт таап, эжеме барып калдык», — деп баяндап берген Аман Өзүбеков ошол түндөгү окуяны.

Өзүбековдун айтымында, ал апасы жана эжеси менен Элинага барганда жездеси короодо эки милиционер менен турган. «Милиционерлер болгон окуяга байланыштуу анчейин деле кам санашкан эмес», — деп жазат ал.

Үйдүн ичинде эки тергөөчү айым зомбулук фактысына олуттуу мамиле жасап, эжесинен арыз алып жаткан болот. Элина тергөөчү айымдарга күйөөсү катуу тепкилегендиктен «жерде жаткан жеринен заара ушатып койгонун, эки кичинекей балдарынын көзүнчө чачтан сүйрөгөнүн» айтып берген.

«Бир жума мурун да сабап жатканда кошуналары милиция чакырып беришкен, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келгенде жездем аларды кайра кетирип, эжем үчүн тынчсызданган кошуналарын сөгүп салган», — деп жазат Өзүбеков.

Элина бул окуяны айтып берип жатып, күйөөсү аны дайыма эси оогуча сабаганын, эки кичинекей баласын тартып алам деп коркутканын билдирген.

Күйөөсүнүн ур токмогунан кийин Элинаны тез жардам кызматы алып кетет, ал эми балдары таята-таянесикинде калган. Учурда бул жагдайдын үстүнөн Кризистик борборлор биримдиги иштеп жатат.

Алина Печёнкинанын иллюстрациясы

Айнуранын* окуясы

Айнураны күйөөсү 15-апрелде сабап туруп эшикке кууп чыккан. Бул окуя да карантин убагында болгон. Айнура — жетим өскөн, ал Нарын облусунда туулуп, чоң энесинин колунда чоңойгон. Ал дээрлик он жыл мурда турмушка чыгып, Караколго көчүп кетип, ал жактан эки уулду болгон. Азыр балдары беш жана жети жашка чыгып калды. Айнуранын күйөөсү мурда аскер кызматкери болгон, бирок табелдик куралды жоготуп койгону үчүн армиядагы кызматынан бошотулуп, шарттуу мөөнөткө кесилген. Учурда ал мектепте дене тарбия мугалими болуп иштейт.

Ушуну менен Айнура күйөөсүнүн кордугуна үчүнчү жолу кабылып жатат. Үстүбүздөгү жылдын январында, күйөөсүнүн экинчи ур-токмогунан кийин Айнура чыдабай милицияга арыз менен кайрылган.

Ал Стамбул протоколун толтуруп, соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Экспертиза Айнуранын денесинде көптөгөн көгала тактарды аныктаган. Бул иш сотко берилгенде, күйөөсү бир баласын уурдап, «балаңды эч качан көргөзбөй коём» деп коркутуп, Айнураны арызды чакыртып алууга аргасыз кылган.

15-апрелдеги ур-токмоктон кийин Айнура кризистик борборго кайрылган. Күйөөсү ага өмүр бою иштөөгө тыюу салып жүргөндүктөн, келиндин жада калса тамак-ашка да акчасы жок эле. Кризистик борбор ага жана анын улуу баласына тамак-аш жана башпаанек бергени менен кенже уулу дагы деле агрессордун жанында калган.

Кризистик борбордун адистери өзгөчө абал режимине жана жүрүүгө салынган чектөөлөргө карабастан, келиндин күйөөсүнүкүнө барып, Айнуранын кенже уулун кайтарып беришкен. Анын атасы болсо Айнураны да, борбордун кызматкерлерин да коркута баштаган, эмдигиче бүт борборду коркунучта кармап турат.

Окуя «Мээрман» кризистик борборунан алынды

*Аты өзгөртүлдү

Алина Печёнкинанын иллюстрациясы

Айперинин* окуясы

Айперинин турмушка чыкканына беш жылга жакындап калды, ал төрт баланын энеси. Тун баласы үч жашта, ал эми кенжеси жакында эле, карантин учурунда төрөлгөн.

Ал учурда Айперинин толгоосу күйөөсүнүн кезектеги ур-токмогунан кийин эле дароо башталган. Толготуу өтө тездик менен башталып, Айпери төрөт үйүнө жетээри менен көз жарган. Бул убакта күйөөсү аялынын жанында жок болчу, болгону кийим-кечесин берип жиберген. Айпери төрөт үйүнөн да жалгыз чыккан, ал жаңы төрөлгөн чүрпөсү менен үйгө маршруткада барууга аргасыз болгон.

Айпери буга чейин деле күйөөсүнөн далай токмок жеп жүргөн. Күйөөсү ага үйлөнгөн күндөн көп өтпөй эле кол көтөрө баштаган. Ал улам-улам Айперини балдары менен кошо үйдөн кууп чыгарып, кайра кайтарып турган. Андан кийин үйдөгү зомбулук кайрадан башталчу. Бир жума мурун Айпери кайрадан күйөөсүнөн токмок жеген. Айпери кабыргалары сынганын, анткени дем алганы оорлоп, көкүрөк клеткасы ооруп жатканын айтууда.

Ал күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай албай Бишкектеги кризистик борборлордун бирине кайрылган. Тез арада аракет көрүш керек эле, бирок Айперинин документтеринин жоктугу көйгөй жараткан — ал буга чейин паспортун азык-түлүктүн ордуна күрөөгө коюуга аргасыз болгон.

Анткен менен бийлик киргизген чектөөлөр борбордун кызматкерлерин токтото алган эмес — алар Айперини күйөөсү үйдөн чыгып кеткенде алып кетүүгө үлгүрүшкөн. Учурда Айпери балдары менен баш калкалай ала турчу жерде жашайт, алар азык-түлүк жана дары-дармектер менен камсыздалган. Келиндин күйөөсү аялын жана кризистик борбордун кызматкерлерин коркутууга өтө баштады.

Окуя «Шанс» кризистик борборунан алынды

*Аты өзгөртүлдү.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшү

Эсиңиздерде болсо, жыл бышында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь, февраль жана март айларында эле милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 2319 кайрылууну каттаган. Аталган үч айдын ар биринде тең зомбулуктун саны өскөнү байкалган.

Үй-бүлөлүк зомбулук — бул уруп-сабоо жана кордоо гана эмес: жаңырган жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам жети аял ажал тапкан.

Өзгөчө абал режими учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны эки эсе өскөн

Март айынын аягында бийлик республика боюнча өзгөчө кырдаал режимин киргизген, ал эми COVID-19га чалдыккандардын учурлары аныкталган айрым аймактарда өзгөчө абал тартиби жарыяланган. Бийлик жарандарды карантин эрежелерин сактоого чакырып, алардын көчөдө жүрүүсүн чектеген. Обочодо отурууга мажбур болуунун жыйынтыгында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өскөн.

Кризистик борборлор бирикмесинин маалыматына ылайык, 25-марттан 9-апрелге чейин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси боюнча 354 жорук катталган. Бул өткөн жылга караганда эки эсе көп — анда орточо эсеп менен бир айда 350 факт катталып турган.

«Карантин башталган 15 күндүн ичинде эле катталган жоруктардын арасында үй-бүлөлүк зомбулук майда бейбаштыктан кийин эле экинчи орунга чыкканын көрүп турабыз. Иш жүзүндө ар бир 6-жорук — бул үй-бүлөлүк зомбулук», — дейт гендердик эксперт Зулфия Көчөрбаева.

Көчөрбаеванын айтымында, өзгөчө абал режими жана иштөөгө мүмкүн болбогондугу «кырдаалдын ырбашына» алып келип, үйдөгү зомбулук «абдан масштабдуу көрүнүшкө айланып, баарыбыз үчүн олуттуу чакырык» болуп калды.


Кризистик борборлордун баш калкалоочу жайлары иштебегени да кырдаалды оорлотту. Бишкектеги эң ири кризистик борборлордун бири деп эсептелген «Сезим» борборунун шелтери да дагы деле карантинге жабык турат.


«Бизге жаш келин кайрылды. Ал күйөөсүнүн ур-токмогунан улам милиция чакырган. Милиционерлер аны күйөөсү менен кошо милициянын шаардык бөлүмүнө алып кетип, зомбулук фактын каттап, корук кат берип, күйөөсү менен түндө кайра үйүнө коё берип салышкан. Ал таңкы саат төрттө кол көтөргөнүн уланта берген күйөөсү менен үйүнө балдарына жетет. [...] ӨА жана карантин шартында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга толук кандуу жардам бере албайбыз», — деп айтылат борбордун кайрылуусунда.

Мындай жагдайда агрессорлор менен чогуу жашаган кыз-келиндердин өмүрүнө коркунуч эселеп өсөт. Ошондуктан биз агрессор менен жалгыз калган учурда аман калууга жардам берген пайдалуу сунуштарды топтодук.

Эскертме Европа биримдигинин катышуусу менен Бириккен Улуттар Уюму, Кризистик борборлор бирикмеси жана «Луч света» демилгеси тарабынан даярдалды.

Автору: Савия Хасанова.

Редактору: Анна Капушенко.

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков.