Өлкөдө коронавирус жуктурган дагы 17 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-майдагы брифингде өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 17 бейтап айыкканын кабарлады. Алардын ичинде он медкызматкер бар.

Бишкек шаарында — 7, Ош шаарында — 5, Нарын облусунда — 4 жана Жалал-Абад облусунда бир бейтаптын кайталап алынган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 675ке жетти — алардын арасында 176 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 10-майга карата коронавирустун жалпы 1002 учуру катталды. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 260 адам жатат — алардын төртөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.