Коронавирус жуктургандардын дээрлик 68 пайызы айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коронавирустан дагы 13 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-майдагы брифингде маалымдады.

Бишкек шаарында он бир, Нарын облусунда эки бейтап ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 688ге жетти — бул ооруга чалдыккандардын дээрлик 68 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 11-майга карата коронавирустун жаңы 14 учуру катталды — жалпысынан 1016 учур. Ооруканаларда 316 адам жатат — алардын тогузу оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө төрт бейтап калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.