Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими сакталды. Эмне өзгөрөт?

Ош шаары. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Ош шаарында өзгөчө абал режими 11-майдан тарта алынып, эпидемиологиялык шартка байланыштуу өзгөчө кырдаал жана карантин режими сакталып калды. Биз эмне өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүп беребиз.

Коменданттык саат уланабы?

Жок. Комендатура 10-майдан 11-майга караган түнү өз ишин токтотту жана комендатуранын буга чейин чыгарган буйруктары күчүн жоготту. Мындан ары жоопкерчиликти жергиликтүү бийликтин башчылыгында түзүлгөн атайын штаб моюнуна алат. Эми жарандарга көчөдө жүрүүдө убакыт боюнча чектөө коюлбайт. Бирок мурдагыдай эле күч түзүмдөрү тарабынан кыймылга чектөөлөр, санэпидемиологиялык талаптарды аткарууну талап кылуу уланат.

Беткап жана колкап тагынуу керекпи?

Милициядан билдиришкендей, көчөгө чыгууда беткап тагынуу жана колкап кийүү зарыл. Сиз өзгөчө кырдаал режимин сактабаган учурда Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 119-беренесине кирген өзгөрүүлөргө ылайык, айыппулга жыгылып же 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылышыңыз мүмкүн.

«Өзгөчө кырдаалдын шартында беткап жана колкап тагынуу сөзсүз түрдө милдеттүү. Карантиндик эрежелерди аткарбаган жарандарга 5 миңден баштап 60 миңге чейин айыппул же 40 саатка чейин комдук жумуштарга тартуу каралган. Ал эми карантиндик режимдерди аткарбай оору жуктуруп же башкаларга атайын же билбей жуктурган учурда деле, жарандар Жазык кодексинин 280-беренесине ылайык 5 жылга чейин эркин ажыратылышы мүмкүн», — деди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Коомдук транспорт ишке кирет деп жатышкан?

Ооба, жергиликтүү бийлик 11-майдан тарта коомдук транспорттун ишке кирүүсүн айтып жаткан, бирок Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында азырынча коомдук транспорт жүрбөйт деп билдиришти. Сиз зарыл иштерди бүтүрүү үчүн жеке унааңызды пайдалана аласыз. Бирок такси кызматы да иштеп жатат.

Өткөрмө кагаздар эмне болду?

Эми унааларга өткөрмө кагаздар талап кылынбайт. Бирок сиз иштөөгө уруксат берилген тармакта иштебесеңиз мурдагыдай эле шаарда эркин жүрө албайсыз. Ал эми жумушу жанданган тармактардын кызматкерлеринин жанында иштеген жеринен берилген тиешелүү маалымкаты жана күбөлүктөрү болуусу зарыл. Зарыл болгон учурда жеке унааңыз менен шаарда жүрсөңүз болот, болгону жаныңызда өздүгүңүздү тастыктоочу документ жана маршруттук баракча болуусу шарт.

Блок-посттор эмне болот?

Шаардын ичиндеги блок-посттор алынат. Бирок шаардын четиндеги жана кире беришиндеги посттор сакталып, алардын аталышы санитардык-карантиндик постко өзгөрөт. Зарыл болбогон учурда шаарга кирүүгө жана чыгууга тыюу салынат. Күч түзүмдөрү ишти күчөтүлгөн тартипте алып барып, шаарда патрулдук милиция көзөмөл жүргүзөт.

Маршруттук баракча керек болобу?

«Клоопко» мэриядан мындан ары маршруттук баракча керек болбосун, бирок зарыл болгон учурда гана жана төмөндө тизмеде көрсөтүлгөн мекемелердин кызматынан пайдалануу үчүн үйдөн чыгууга уруксат берилээрин билдиришти. Анткен менен Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан жарандардын жанында маршруттук баракча сөзсүз түрдө болушу керектигин айтышты.

«Көчөдө жүргөндөрдөн маршруттук баракча сөзсүз талап кылынат. Баракчанын электрондук түрү ыңгайсыз болуп, жарандар менен контактта болууга туура келип калат экен. Себеби алар уюлдук телефондорунан көрсөтүшөт да. Биз албетте бул түрдөгү баракчаларга каршы эмеспиз, бирок бизге колдо жазылган кагаз түрүндөгүсү ыңгайлуураак болот», — деди Сыдыков.

Кайсы тармактагы ишканаларга уруксат берилди?

  • Микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер, туристтик агенттиктер;
  • Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнөн: акча алмаштыруу жайлары, ломбарддар, адвокатура мекемелери, басмаканалар жана басмага байланышкан ишканалар;
  • Калкты тейлөө кызматтары: сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер, тиричилик техникаларын, унааларды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо, химтазалоо жана клининг;
  • Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлар, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары, тигүү жана булгары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары жана автосалондор, авторыноктордон сырткары;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттары.

Ош шаардык мэриясынын айтымында, бул тармактардын өкүлдөрү санитардык талаптарды аткаруусу керек. Ошондой эле аларга жумуштан үйгө, үйдөн жумушка жана зарыл болгон учурда шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилет.

Жетекчилик ар бир кызматкер үчүн жоопкерчиликти алат жана талаптар сакталбаган учурда жетекчилик мыйзам чегинде жазаланышы мүмкүн. Атайын түзүлгөн штабдын алдындагы ыкчам топ мекемелерди көзөмөлдөп турат. Ал эми 1-майдан тарта иштөөгө уруксат берилген тармактар да ушундай эле тартипте иш алып барууга тийиш.

Милициянын маалыматына ылайык, буга чейин комендатуранын алдындагы ыкчам топ жүргүзгөн рейд учурунда карантиндик нормаларды сактабаган 80ге жакын ишкана кайрадан жабылган. Мындан ары да ошол эле топ эми штабдын алдында иш алып барып, иштеп баштаган мекемелерде рейд жургүзүп турат. Карантиндик нормаларды сактабай жабылган ишкана кемчиликтерди түзөткөн учурда кайрадан ыкчам топ тарабынан текшерүүдөн өтүп ишин улантса болот.

Ош шаары өзгөчө абал режиминде 1 ай 15 күн жашады.