Жашаган жерден маалымкат жана маршрут баракчасы. Бишкекте жүрүү үчүн кандай документтер керек?

Республикалык штаб иштөөгө уруксат берилген жарандардын бардыгы жанында өздүгүн тактаган документтерди, жашаган жана иштеген жеринен маалымкат алып жүрүшү керектигин түшүндүрүп берди — бул жерде иштеген жердин алынган маалымкат салык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу зарыл.

Маалымкатка мөөрдү уюмдун катталган дареги боюнча салык кызматынан бастырып алууга болот. Ошондой эле мөөрдү райондук акимиаттан басып бере алышат.

Штабдан байланыш жана карым-катнашты азайтуу максатында бул документтердин артынан салык кызматына уюмдардын башкы эсепчилери же жетекчилери кайрылышы керектигин белгилешти. Маалымкат ар бир кызматкерге жазылып берилиши абзел.

«Уруксат берилген ишмердүүлүк тармактарында жумушка тартылган адамдар 13-майга чейин маалымкат алып, ага тийиштүү мөөрдү бастырып алуулары шарт», — деп билдиришти штабдан.

Ал эми жеке ишкерлер шаарда патент менен жүрө алышат.

Ошондой эле штабдан жумушка чыгууга уруксат берилбеген жарандарга шаарда жүрүү үчүн маршруттук баракча керектелээрин айтты — баракчага көчөгө чыгуунун себептери жана бара турган жердин дареги жазылышы шарт.

«Шаарда жүрүүгө чектөө салынган. Азык-түлүк, дарыкана, медициналык мекемелерге гана барууга болот, анда да [адамдын] өздүгүн тастыктаган жана аны менен кошо кол менен толтурулган маршруттук баракча талап кылынат», — деп белгилешти штабдан.

«[Шаарда] мамлекеттик жана муниципалдык, коммуналдык кызматтардын, ИИМ, ӨКМ жана ЖМКлардын кызмактерлерине гана тоскоолдуксуз кыймыл камсыздалат, бирок аларда иштеген жеринен берилген маалымкат болушу керек, аталган кызматкерлерге салык кызматынын ырастамасы керектелбейт», — деп билдирди Бишкектин мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, салык кызматтары маалымкаттарды күбөлөндүрүп берип жатып салыктардын төлөнгөнү боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктары жок.

«Эсиңиздерде болсо, ӨА режими иштей баштаганда »комендатуранын өткөрмө барактарын жасалмалоо учурлары, алдамчылык фактылары болгон. Андыктан жасалмалоого жол бербөө үчүн аларды салык кызматынан күбөлөндүрүү чечими кабыл алынды», — деди Суракматов.

Бишкеткин бийлиги калаада ӨА режими алынгандан кийин жаңы эрежелерди киргизди. Коронавирустун пандемиясынан улам 25-марттан тарта республиканын айрым аймактарына ӨА режимин киргизилген болчу. Бул режим дээрлик бардык ишканалардын жабылышын жана обочодо болуу тартибинин сакталышын шарттаган.

11-майга карата маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруунун 1016 учуру катталды. Ошол эле кезде 688 адам айыгып, 12си каза тапкан.