Парламентте чек ара маселесин чечүү үчүн Тажикстанга экономикалык чара көрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Таабылды Тиллаев чек ара маселесин чечүү үчүн экономикалык чараларды колдонууну сунуштады.

Тиллаевдин айтымында, 2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүмү 27 миллион долларды түзгөн. Анын 18 пайызы Тажикстандан импорт, 82 пайызы экспорт деди депутат.

«Чечкиндүү кадамга барып толук жабалы же биз Тажикстандан бир нерсе күтүп жатабызбы? Коңшулар түшүнбөй, сүйлөшүүгө келбей, өзүбүздүн жерибиздеги үйдү күйгүзүп жаткандан кийин биз дагы экономикалык мүмкүнчүлүгүбүздү колдонушубуз керек», — деди эл өкүлү.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун пикиринде, Тажикстан менен экономикалык карым-катнашты үзүүдөн майнап чыгышы күмөн. Тескеринче, Баткен облусундагы дыйкандар зыянга учурап калышы мүмкүн.

«Азыр Тажикстандын Өзбекстан менен алакасы жакшырып, 16 чек ара өткөрүү пункту иштеп жатат. Туура Согди облусу экономикалык жактан бизге көз-каранды. Биз азыр аткезчиликти кескин азайтып, бардык товарларды мыйзамдуу чек ара өткөрмө пункттары аркылуу өтүүсүнө жол ачтык. Анын жыйынтыгында Тажикстанга ташылган товарлардан 4,5-5 миллион сомго чейин бажы төлөмдөрү түшүп жатат. Биз бардык постторду жаба турган болсок, чек арада жашаган өзүбүздүн эл кыйналып калышы ыктымал», — деди ал.

Мадумаров Тажикстандын сунушу менен коронавируска байланыштуу 2-3 күндө «Кайрагач» посту толук жабылаарын, ал эми «Кызыл-Бел» өткөрүү пунктунун иши эл аралык келишимдердин негизинде караларын кошумчалады. Ошондой эле ал Тажикстан тараптын сүйлөшүүдөн баш тартып жаткандыгы боюнча маалыматтарды четке какты.

«Буга чейинки сүйлөшүүдө 3-4 тилке боюнча маселе талкууланган. Эмки [сүйлөшүүлөргө] биз дагы айрым жер тилкелери боюнча сунуштарды даярдап койдук», — дейт ал.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси

Кыргыз-тажик чек арасында өткөн жылы 12 чыр-чатак катталып, курал колдонулуп, жарадар болуп, каза тапкандар дагы болду. Эки өлкө жарандарынын ортосундагы ар бир кагылыштан кийин бийлик органдарынын сүйлөшүүсү өтүп, чек араны аныктоону тездетүү макулдашылат. Бирок, чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин чечимдери белгисиз бойдон калууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон дагы атайын жолугушууларында да талкуулашкан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу — 970 чакырым. Анын 450 чакырымдан ашууну такталган.

Айрым маалыматтарга караганда, Тажикстан 1924-1927-жылкы картаны жана иш кагаздарынын негизинде чек араны бекитүүнү сунуштаса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылкы карталар менен иш алып барууга үндөйт.