COVID-19 жуктурган кызматкердин жагдайы көзөмөлдө — «Фрунзе» гипермаркети

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбанв 12-майда «Фрунзе» гипермаркетинин кызматкеринде коронавирус аныкталганын кабарлаган.

Гипермаркет түйүндөрүнө ээлик кылган компаниянын маалыматына ылайык, бул «Фрунзенин» кызматкерлеринин арасында коронавирус аныкталган жалгыз учур. Ал «Вефа» соода борборунда аныкталган.

«Биз бардык санитардык чараларды сактоо менен кызматкерлерибиздин ден соолуктарына дыкат көз салып жатабыз жана көз салууну улантуудабыз», — деп билдиришти компаниядан.

Компаниядан коронавируска чалдыккан кызматкер дүкөндүн башкаруучусуна өзүн начар сезип атканын айтып, анын жумушу токтотулган. Башкаруучу ага Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна барып, COVID-19га анализ тапшырууну сунуштаган.

11-майда диагноз COVID-19 бар экенин көрсөтүп, соода түйүнү кошумча дезинфекция ишине жабылып, ал эми дүкөндүн жааматы анализ тапшырууга жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы анализ дүкөндүн башка кызматкерлеринде инфекция жоктугун көрсөткөн. Анткен менен алар баары бир деле 14 күндүк обсервацияга жайгаштырылган.

«“Фрунзе” гипермаркетинин кызматкерлерин дарылоо жана алардын коопсуздугуна байланыштуу чыгымдарды биз өзүбүз көтөрүп жатабыз», — деп кабарлашты гипермаркет түйүндөрүнөн.

Соода түйүнүнүн залы күнүнө эки жолудан сантазалоодон өтүүдө жана ал 13-майга чейин жабык болот.

13-майга карата маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус жуктуруунун 1044 учуру катталып, ошол эле кезде жуктургандардын 70% ашууну айыккан. Эпидемия башталган күндөн тарта Кыргызстанда өпкө илдетинен 12 адам каза тапкан.