Өкмөт COVID-19га каршы күрөшкө тартылган аскер жана милиционерлерге компенсация төлөп берет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган ИИМдин кызматкерлерине бардык тийиштүү компенсациялар төлөнүп берилээрин билдирди.

«Өзгөчө абал режими учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларга тартылган укук коргоо органдарынын, тиешелүү түзүмдөрдүн аскер кызматкерлеринин бардык тийиштүү компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт», — деп билдирди Абылгазиев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда.

Абылгазиев депутаттарга кайрылып жатып буга чейин милиционерлер төлөмдөн баш тартып жатышат деп айтканы боюнча маалымат «контексттен тыш чечмеленгенин» айтты.

«Тийиштүү мыйзам, өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар», — деди ал.

Абылгизиев 30-апрелде парламентте милиционерлер компенсациядан баш тарттып жатышат деп айткандан кийин сынга кабылган.

Жыйынтыгында Укук тартиби боюнча комитет Башкы прокуратурага милиционерлердин баш тартуусунун жагдайларынын бардыгын аныктоону тапшырган.

Өзгөчө кырдаал режими учурунда иштеген милиционерлер медиктердей эле тобокел аймагында деп эсептелинет. Алар көп адам менен байланышта болушат жана байланышкандардын арасында коронавирусу бар адамдар да болушу мүмкүн.

Саламаттык сактоо министрлигинин 4-майга карата маалыматына ылайык, милиционерлердин арасында коронавирус жуктуруунун 27 учуру катталган.

13-майга карата, Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 1044кө жетти. Өлкө боюнча 726 адам айыгып, 12 адам каза тапкан.