Кыргызстанда COVID-19 дагы жети адамдан аныкталды — жалпы 1044 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Республикалык штабдан Кыргызстанда 13-майга карата коронавирустун жаңы 7 учуру катталганын маалымдашды. Алардын ичинен бешөө Чүй облусунда, Нарын жана Ош облусунда бирден адам ооруга чалдыкты.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын алтоосу карым-катнашта болгон адамдар, ал эми бир учур оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунда аныкталды. Ал бирге иштеген шериги менен чет өлкөдөн Ош облусунун Өзгөн шаарына келген.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1044кө жетти — анын 241и медкызматкер. Коронавирус жуктурган 12 жаран каза болду, 726 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 282. Ош облусунда – 181, Ош шаарында – 113, Жалал-Абад облусунда – 147, Чүй облусунда – 148, алардын ичинде 56 бейтап Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер, Баткен облусунда – 14, Нарын облусунда – 137, Ыссык-Көл облусунда – он эки учур. Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 4613 адамды түздү — алар медициналык көзөмөлгө алынган.

Ооруканаларда 306 адам калууда — алардын алтоосу оор абалда, төртөөсү ооруканалардын жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 1555 адам жатат. Бир сутка ичинде 1 421 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.