Биз COVID-19 боюнча ачык булактардын маалыматтарындагы негизги көрсөткүчтөрдү карап көрүп, беш тыянак чыгардык.

1.) Инфекцияга чалдыккандардын 70% айыкты;

2.) Айыккандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында;

3.) Ооругандардын көбү (⅔) 20-55 жаштагылар;

4.) Коронавируска чалдыккандардын көбү Нарын облусунда катталууда — бул тууралуу 100 000 адамга бөлүп кароо айгинелеп турат;

5.) Каза тапкандардын дээрлик жарымы Ош облусунан болушат: алардын бардыгы апрелдин биринчи жарымында бир аптанын ичинде каза табышкан.

13-майга карата маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын көбү айыккан — бул 726 адам, тактап айтканда, жуктургандардын 70%.

Бейтаптар Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон 13 күн өткөн соң айыга башташкан. Айыккандардын көбү 31-күнгө туура келип, ошол учурдан тарта айыккан адамдардын саны өсө баштаган.

Ош шаарында ооруп калгандарга караганда айыккандар көп, балким, бул байтаптарды ар башка ооруканаларга которгондон улам болушу мүмкүн. Балким ошондуктан да Чүй облусунда айыккандар расмий жок. Саламаттык сактоо министрлиги да 4-апрелден 10-апрелге чейин 33 адам кайдан айыгып чыкканын тактап берген эмес.

Аныкталган учурлардын эң эле көбү азыр Бишкекте — 338 учур. Бул санга Соль-Илецктен келгендер да кирет, учурда алар обсервацияда. Экинчи орунда — Ош облусу (181 адам). Аймактарда жуктургандардын саны, негизи, көп деле нерсени билдирбейт. Мисалы, Бишкекте жуктургандар абдан көп, бирок ошол эле учурда адамдар да көп жашайт: 2020-жылдын башына карата маалымат боюнча, бир млн адамдан бир аз ашуун адам.

Ошондуктан бул жерде 100 000 адамга бөлүп караган маанилүү. Анда жуктургандардын көбү Нарын облусунда болуп чыгууда.

Көбүнесе 35 жаштан 55 жашка чейинки адамдар ооруп жатат — 339 адам. Бирок 20-35 жаштагылардын да үлүшү жетишээрлик жогору. Бул жаш курак тобу менен бирге алар жуктургандардын дээрлик ⅔ бөлүгүн түзөт (тагыраагы, 65%).

Кыргызстанда жалпысынан 12 адам каза тапкан. Алардын бешөө Ош облусунда катталган: алардын баары апрелдин алгачкы жарымында бир апта ичинде каза табышкан. Маркумдардын көбү 60 жаштан улуулар, алардын эң жашы 45 жашта болгон. Алардын арасында аялдар менен эркектер теңме-тең болушкан.

Авторлошу: Савия Хасанова