Коронавирустан дагы 9 адам айыкты — жалпы 735

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коронавирустан дагы тогуз бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 14-майдагы брифингде маалымдады.

Бишкек шаарынан беш, Ош облусунан эки, Нарын облусунан жана Ош шаарынан бирден бейтап ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 735ке жетти — бул ооруга чалдыккандардын 70 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 14-майга карата коронавирустун жаңы 38 учуру катталды — жалпысынан 1082 учур. Ооруканаларда 335 адам жатат — алардын жетөө оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө беш бейтап калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.