15-майда чартердик каттам менен Кыргызстанга Түркиянын Стамбул шаарынан 330 адам кайтып келди. Алар обсервацияга алынат. Эгер алардын ичинен кимдир бирөөдө коронавирус аныктала турган болсо, анда ал адам ооруканага жаткырылып, аны менен байланышта болгондор врачтардын көзөмөлүнө алынат.

Ал эми жүргүнчүлөрдүн калгандары коронавируска карата алынган анализ терс жыйынтык көрсөтсө, үй карантинине коё берилишет. Учурда обсервацияда 1500ден ашуун адам бар.

Буга чейин өлкөгө Кувейт, Катар, Жапония, Корея, Орусия жана Германиядан 350 адам кайтып келген. Алар да обсервацияга жөнөтүлүшкөн.