Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб Бишкектеги «Ак Кеме» отелинин жана андагы обсервацияда болуп аткан жарандардын сүрөтүн жарыялады.

Эреже боюнча чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан коронавируска карата ПЧР анализдер алынып, алар үч күн бою карантиндик зонада болушат.

«Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттендирилип, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат», — деп билдирет штаб.

Эгер адамда коронавирус табылса — ал ооруканага жөнөтүлөт. Ал эми аны менен байланышта болгондор обсервацияда калат.

Ар башка отелдердин жана жатаканалардын обсервацияларында учурда 2000 ашуун адам бар. Алардын саны чет өлкөдөн кайтып келген мекендештер көп болуп аткандыктан өсүп жатат.