Өлкөдө COVID-19га чалдыккандардын саны 1138ге жетти — жаңы 21 учур катталды

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус дагы 21 адамда аныкталганын кабарлады. Алардын ичинен ону — бул бир күн мурда Санкт-Петербургдан келгендер. Вируска чалдыккан эки адам Бишкекте, үчөө Чүй облусунда жана алтоо Нарында катталды. Инфекция жуктуруп алгандардын арасында медиктер, жүк ташуучу унаа айдоочулары жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкери бар.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус үч медикте аныкталып, дагы төртөө айыгып ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан, медиктердин арасында коронавирус жуктуруунун 251 учуру катталып, алардын 204 айыккан.

Кечээ 21 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылган — алардын ичинен 11и Бишкекте, экөө Ош шаарында жана экөө Ош облусунда, үчөө Баткенде, дагы үчөө Нарын облусунда.

Өлкөдө жуктуруу учурлардын жалпы саны 1138ге жетти. Алардын ичинен 14 адам каза болуп, 804 адам айыгып, 320 адам дарыланууда. Учурда 12 адам оор абалда — алтоосу жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Облустар боюнча статистика

Жалал-Абад облусунда COVID-19га чалдыккандардын саны 153кө, Ош облусунда 183кө, Ош шаарында 119га, Баткен облусунда 25 адамга жетти.

Чүй облусунда инфекция жуктуруунун 101 учуру, Бишкекте 307 учуру катталган.

Соль-Илецктен кайтып келгендердин арасынан коронавирус 58 адамда аныкталган.

Нарын облусунда инфекцияга чалдыккандардын саны 169 адамга, Ысык-Көл облусунда 13 адамга жетти. Талас облусунда жуктуруу учурлары аныкталган эмес.