COVID-19 статистика: Коронавирустан айыга электердин дээрлик жарымы Бишкек шаарына туура келет

Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-майда Кыргызстанда коронавирустун жалпы 1216 учуру катталганын маалымдады. Алардын ичинен 68 пайызы, башкача айтканда бейтаптардын 827си илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган он төрт бейтап каза болгон.

Эң көп айыккандар Бишкек шаарында катталган — 259. Ош облусу боюнча жалпы 274 бейтап ооруканалардан чыгарылган, алардын 111и Ош шаарында. Жалал-Абад Облусунда — 122, Нарын облусунда — 100, Чүй облусунда — 17, Баткен облусунда — 15 жана Ысык-Көл облусунда он бейтаптын коронавируска кайталап жасалган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн.

Ал эми ооруканаларда 375 адам COVID-19дан дарыланып жатат, алардын эң көбү Бишкек шаарында — 161. Бишкекте көбүнчө чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга кайтып келген жарандар дарыланууда.

Борбордон кийин эле бул көрсөткүч боюнча Нарын облусу турат — 82 бейтап. Чүй облусунда — 54, Жалал-Абад облусунда — 32, Ош облусунда — 22, Ош шаарында — 11, Баткен облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда үч бейтап дарыланып жатат.

Өлкө боюнча обсервацияларда 2236 адам калууда, алардын жарымы Бишкекте — 1197 адам. Ал эми Ош шаарында — 545, Чүй облусунда — 246, Нарын облусунда — 129, Ысык-Көл облусунда — 119, Жалал-Абад облусунда — 70, Баткен облусунда 59, Ош облусунда — 54 жана Талас облусунда 34 адам медиктердин көзөмөлүнө алынган. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Оорулуулар менен карым-катнашта болгондордун саны 6050 адамды түздү — алардын 1354ү Нарын облусунда. Ош шаарында — 1111, Ош облусунда — 1089, Чүй облусунда — 808, Жалал-Абад облусунда — 758, Бишкек шаарында — 655, Баткен облусунда — 181 жана Ысык-Көл облусунда 94 адам COVID-19ду жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгон.