Кыргызстанда COVID-19 дагы 78 адамдан аныкталды — жалпы 1216 учур

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык штабдан Кыргызстанда 18-майга карата коронавирустун жаңы 78 учуру катталганын маалымдашды. Алардын ичинен Чүй облусунда 46 — алардын 43ү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген мекендештер, Бишкек шаарында алты — алардын үчөөсү Санкт-Петербургдан кайткан кыргызстандыктар. Ошондой эле Нарын облусунда 14, Ош облусунда 6, Ош шаарында 5 жана Жалал-Абад облусунда бир адамдан илдет аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1216га жетти — анын 255и медкызматкер. Коронавирус жуктурган 14 жаран каза болду, 827 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 323, алардын ичинен 13 бейтап Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген жарандар. Чүй облусунда коронавирустун 205 учуру катталган, анын дээрлик жарымы — 101 учур — Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандардан аныкталды.

Ош облусунда – 189, Ош шаарында – 124, Жалал-Абад облусунда – 154, Баткен облусунда – 25, Нарын облусунда – 183, Ыссык-Көл облусунда – 13 учур. Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6050 адамды түздү — алар медициналык көзөмөлгө алынган.

Ооруканаларда 375 адам калууда — алардын алтоосу жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 2236 адам жатат. Бир сутка ичинде 1669 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.