Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штаб 18-майда өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 23 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарында 20, Жалал-Абад облусунда үч бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандын жалпы саны 1216 адамды түздү. Алардын ичинен он төртү каза болду, 827 бейтап айыкты — бул оорулуулардын дээрлик 68 пайызын түзөт. Ошондой эле COVID-19ду жуктуруп алган 255 медкызматкердин 212си айыгып, ишин улантып жатат.

Учурда ооруканаларда 375 адам дарыланып жатат — алардын алтоосу жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.