Милиционер парктагы адамдарды тапанча менен таркатууга аракет кылган, алар санитардык эрежелерди сактабай жүрүшкөн — Бишкек ШИИБи

17-май күнү Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта жүргөн адамдарды кайгуул милициясынын кызматкери табелдик тапанча менен таркатууга аракет кылган.

Окуянын видеосун күбөлөр Фейсбукта жарыялашты.

Ал видеодон паркта чогулгандар кайгуул милициясынын кызматкерин атпоого жана тапанчаны алып коюуга үндөп жатышканын, ал эми милиционер колундагы тапанчасы менен артка чегинип жатканын көрүүгө болот. Парктагы жарандардын арасында балдары менен жүргөндөр да болгон.

Бишкек ШИИБинин маалыматы боюнча, 17-май күнү кечинде Биринчи Май районунун кезмет бөлүмүнө чакыруу түшүп, анда Түлөбердиев паркында белгисиз адамдар милиция кызматкерине кол салууга аракет кылып жатканы айтылган.

Милиция окуя болгон жерге келгенден кийин паркта карантин убагында санитардык эрежелерди сактабаган адамдар чогулганы белгилүү болгон.

«Милициянын инспектору карантин убагында санитардык эрежелерди сактабагандарды байкаган, алар кечкисин коомдук жайда чогулушкан. Бул өз учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун жараткан», — деп айтылат ведомствонун пресс-релизинде.

ШИИБден билдиришкендей, милиционер шаардыктарга таркап кетүүнү эскерткенде, алар агрессивдүү реакция кылып, кызматкердин табелдик куралын тартып алууга аракет жасашкан.

«Милициянын улук сержанты эскертүү түрүндө асманга ок чыгарган, ошондон кийин белгисиз адамдар артка чегинишкен», — деп билдиришти Бишкек ШИИБинен.

Бул факт «Ээнбаштык» беренеси боюнча КЖБРге катталып, окуянын бардык катышуучуларын милиция издеп жатат.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Бийлик адамдарды обочолонуу эрежелерин сактоого жана чоң топ болуп чогулбоого чакырууда, анткени бул коронавирус инфекциясынын жайылышына алып келиши мүмкүн.

18-майга карата, өлкөдө COVID-19га чалдыккан адамдардын саны 1216га жетип, алардын 827си айыгып чыкты. Ал эми 14 адам оорудан каза тапты.