Ысык-Көл облусуна бир санитардык пост аркылуу гана кирүүгө болот

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев 18-майда өткөн брифингде облуска кирүүнүн жана чыгуунун эрежелери тууралуу айтып берди.

Эми Ысык-Көл облусунун аймагына кирүү үчүн паспорт керектелет.

«Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы Ак-Кеме санитардык-карантиндик посту аркылуу гана кирүүгө болот. Кирүү учурунда паспортту көрсөтүү талап кылынат. Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган, кирип бара жаткандардан симптомдор табылган учурда экспресс-анализдер алынат. Текшерүүнүн алгоритмине ылайык, ССМдин бардык сунуштамалары сакталат», — деп билдирди Осмоналиев.

Ошентип, облустун аймагына кирүүдө COVID-19ун жоктугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт. Ошондой эле, облуска кирип бараткан адамда инфекциянын белгилери жок болгон учурда ал 14 күндүк обсервацияга алынбайт.

Бирок бул талаптар 4-майдан тарта облустун аймагына кирип жаткандардын баары үчүн милдеттүү болгон.

Өкмөт бул чечимди макулдашылган эмес деп айтып, Ысык-Көл облусунун ыкчам штабында өз билемдик менен кабыл алынган деп билдирген.

Ошондой эле мындай чектөөлөр ылайыксыз деп табылып, Осмоналиевге эскертүү берилген.

Мунун баары облустагы коронавирусу бар акыркы 10 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылгандын шартында орун алган. Ошондо жергиликтүү бийлик коронавирус инфекциясынын облуска кирип кетүүсүн болтурбоо үчүн Ысык-Көлгө кирүүдө жана чыгууда чектөөлөрдү коюуну чечкен.

Ысык-Көл облусунан чыгууда «Кызыл Омпол» посту иштеп турат жана ал постто уруксат берилген өткөрмө кагаздары текшерилип турат.

«Аларды райондук администрациялардан жана шаарлардын мэрияларынан алса болот. Аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынган, ошондуктан зарылчылык болбосо, үйдө болууңуздарды суранам», — деди Осмоналиев.

18-майга карата, Ысык-Көл облусунда COVID-19га чалдыккандардын эң аз саны катталган — 13 адам. Ал эми Талас облусунда коронавирус жуктуруп алган бир да адам катталган эмес.

Бишкекте инфекция жуктуруп алгандардын саны 323, Чүй облусунда 205, Ош шаарында 124, Ош облусунда 189, Жалал-Абадда 154, Нарында 183 жана Баткен облусунда 25 адамга жетти.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 инфекциясы 1216 адамда аныкталган — алардын ичинен 14ү каза таап, 827 адам айыккан.