Кыргызстанда коронавирус дагы 27 адамдан аныкталды — жалпы 1243 учур

Иллюстративдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда 19-майга карата коронавирустун жаңы 27 учуру катталганын маалымдады. Алардын ичинен Нарын облусунда 11 адам — алардын сегизи ички иштер органдарынын кызматкери коронавируска чалдыкты.

Бишкек шаарында алты жана Ош облусунда алты, ошондой эле коронавирус Орусиядан келген төрт жаранда табылды — алардын үчөөсү Соль-Илецктен, бирөөсү Санкт-Петербургдан кайткан.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1243кө жетти — анын 257и медкызматкер. Коронавирус жуктурган 14 жаран каза болду, 898 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 330, алардын ичинен 14 бейтап Санкт-Петербург шаарынан келген жаран. Чүй облусунда коронавирустун 208 учуру катталган, анын жарымы Соль-Илецк шаарынан келген жарандардан аныкталды.

Ош облусунда – 195, Ош шаарында – 124, Жалал-Абад облусунда – 154, Баткен облусунда – 25, Нарын облусунда – 194, Ыссык-Көл облусунда – 13 учур. Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6164 адамды түздү — алар медициналык көзөмөлгө алынган.

Ооруканаларда 331 адам калууда — алардын 12си оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 6164 адам жатат. Бир сутка ичинде 2211 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.