Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарынан өзгөчө абал 11-майдан тарта алынды. Мындай режимде экинчи борбор калаа 47 күн жашады. Аталган убакыт ичинде унаалардын кыймылы бир нече эсе азайып, коомдук жайларда жана көчөлөрдө тургундар дээрлик көрүнгөн жок.
Эми болсо туруш-тиричилик мурдагы агымына кайта баштады. Көп кабаттуу үйлөрдүн коросунда жаш-балдардын добушу жаңырып, шаар тургундары паркта сейилдеп башташты.
Көчөлөр жана коомдук жайлар таштандыдан тазарды. Анткен менен «Ош-Тазалык» ишканасынан таштандылардын көлөмү азайган жок деп билдишти. Муну тургундардын үйлөрүнөн чыккан чыгындылардын көбөйгөнү менен негиздешти.
Май айынан тарта бир катар тармактын ишине уруксат берилгендиктен шаарга агылгандардын саны көп болууда. Мындан улам Ошко кирчү жолдордо унаалардын узун кезеги пайда болуп жатат. Аны жөнгө салуу үчүн сантирдык-карантиндик жана көчмө посттор ишке кирди. Калаага кирип жаткан ар бир адамдын тиешелүү документтери текшерилип, себепсиз кирүүнү каалагандар артка кайтарылууда.
Көчмө посттор шаар ичиндеги кыймылды чектөө үчүн жана карантиндик талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алууда. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик иши жанданган ишканаларга да рейд жүргүзүп жатат. Санитардык эрежелерди аткарбаган ондогон ишкана жабылууга аргасыз болду.
Шаар тургундары көчөгө чыгууда маршруттук баракча толтуруулары кажет болууда. Ош ШИИБиден мындай талап сыртта зарыл иши жок жүргөндөрдү аныктоо үчүн сакталып калганын билдиришти.
Ошондой эле жашоочулар беткап тагып, колкап кийиши керек. Милиция кызматынан бул эрежени аткарбагандарга айыппул салынаарын эскертишет.
Ош шаарында 19-майга карата 124 учуру катталды. Анын ичинен 116 бейтап айыгып, 2 адам каза тапты.
Мэрия карантинге байланыштуу антикризистик план иштеп чыкты. Ош шаарынын казынасына март жана апрель айларында 100 млн сомдон ашуун каражат түшкөн жок. Мындан улам бюджет шаардык кеңеште кайрадан каралмай болду.
Сүрөттөрдүн автору: Тойчубек Артык уулу