Депутат Жанар Акаев 20-май күнү парламенттин жыйынында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агентигинде радио жыштыктыктарын пайдаланууга лицензиялардын мыйзамсыз сатылышына тиешеси жоктугун далилдөөнү талап кылды.

«Бул жерде абдан ири сумма жөнүндө сөз болуп атат, ошондуктан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн бул ишке катыштыгы жок экенин сөзсүз далилдеши керек. Эгерде катыштыгы болсо, ал түздөн-түз, тез арада жооп бериши керек», — деди Акаев.

Өкмөттөн бул ишке комментарий бере алышпасын, себеп дегенде «бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынышы мүмкүндүгүн» билдиришти.

«Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр», — деп айтылат пресс-релизде.

Наталья Черногубова

Радио жыштыктарды сатуу чыры

Аскер прокуратурасы менен УКМК 12-майда Мамлекеттик байланыш агенттиинин экс-башчысы Наталья Черногубованы кармаган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Черногубова коррупцияга шектелүүдө. Ал 12-июлга чейин камакка алынды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал уюк байланыш оператору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, андан кийин уюк байланыш операторлорунун биринин лицензиясын байланыш стандарттары өзгөргөнүнө байланыштуу кайра каттаган.

Мамлекеттик байланыш агенттиги радио жыштыктарды колдонууга, электр жана почта, маалымат берүү, анын ичинде телерадио тармагында иш жүргүзүүгө лицензияларды берүү ишин алып барат. Жыштыкты колдонууга лицензия аукцион аркылуу берилет.

Жанар Акаев

Радио жыштыгы үчүн 700 сом

Жанар Акаев бул ишке премьер-министр Абылгазиевдин тиешеси бар деп эсептейт, депутаттын айтымында, премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда.

«Премьер-министрдин уруксаты жок бул болбойт. Ошондуктан күч органдары бүгүндөн калбай буга катуу киришип, өкмөт башчынын бул кылмышка тиешеси бар-жогун тез арада далилдеши керек», — деди депутат 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Эл өкүлү УКМК берген маалыматтарды келтирип, радио жыштыктарды берүү лицензиясын аукцион жарыялабастан эле арзыбаган баага сатып жиберишкен деп билдирди.

«Бул келишимдин кайра жол-жоболоштуруусу мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келет, бюджетке миллирддаган акча зыян келет. Биз бул 200 МГцтен бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Бирок ошого карабастан, мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион, конкурс кылбай туруп булар казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат. Ага чейин ошондой эле дагы бир лицензияны башка уюк операторлорго 900 млн долларга берген. Эксперттердин эсебинде, ушул жыштыктан бюджет 5 млрд сомго зыян тартып жатат», — деди ал.

КТ «Мобайлга» байланыштуу чуу

Абылгазиев өкмөттүн жетектегенине келгенине эки жылдан ашып калды. Бирок ортодон ал отставкага кетти деген да ушак кептер пайда болгон. Анткен менен анын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев бул кептерди фейк деп атап четке каккан.

Абылгазиев 2019-жылы майда «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунунун туундуу компаниясы «КТ Мобайл» ишканасынын айланасындагы чуунун айынан кызматынан ажырап кала жаздаган.

Соцтармактарда фирманын жетекчилиги айына 350 миң сом айлык акы алат деп айтылган документ жарык көргөн.

Эрназар Рысалиев

Кийинчерээк «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Рысалиевдин өкмөт башчысы Абылгазиев менен туугандык байланышы бар экени белгилүү болгон.

Чуудан кийин Рысалиев кызматынан кетип, төрт айга деп алган айлыгын кайтарып берген — дээрлик 800 миң сом.

Абылгазиев өзү башында тууганы Эрназар Рысалиев «КТ Мобайл» мамкомпаниясында иштеп жатканын билбегенин айткан. Ошондой эле ал тууганын фирманын директорунун орун басарлыгына дайындабаганын жана «КТ Мобайлда» айлык акысын аныктабаганын кошумчалаган.

Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссия Абылгазиев «тууганы маморгандардын ишине кийлигишкени үчүн моралдык жоопкерчиликке» тартылышы керек деген чечим чыгарган, бирок бул эмнени түшүндүрөөрүн чечмелеп берген эмес.