Милиционерлер нааразычылык акциясынын катышуучусун курчап алышты. Сүрөт: Александра Титова

22-майда жарандык активисттер жана укук коргоочулар коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы парламенттин имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул учурда КЭУ жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик уктуруу өтүп жаткан. Эгер түзөтүүлөр кабыл алынса, алар бардык коммерциялык эмес уюмдардын ишин татаалдантып коюшу мүмкүн.

Нааразычылык акциясынын катышуучусу жана укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын айтымында, депутаттар пандемия убагында уктурууларды КЭУлардын лидерлеринин катыштыгы жок эле өткөрүү менен мыйзам бузуп жатышат. Мындан тышкары, уктурууларга бир күн калганда, иш-чарага биринчилерден болуп катталган алгачкы 60 адам гана катышаары белгилүү болгон. Калгандарын коронавирус пандемиясынан улам киргизбейбиз деп чечим кабыл алышкан.

«Жигердүү жарандарга каршы басмырлоо бар болгондо жана жүздөн ашуун этникалык топтор жашаган өлкөнүн ассоциациясынын эркиндигине кол салуу болуп жатканда, парламенттин жарандардын ассоциациялар эркиндигине болгон конституциялык укуктарына ачык кол салуу фашизмдей жана өлкөнүн арабизациясындай болуп турат», — деди Исмаилова.

Кризистик борборлор бирикмесинин директору Толкун Тулекова «Клоопко» билдиргендей, парламенттин уктуруусуна бейөкмөт уюмдардын айрым гана өкүлдөрү чакырылган жана ага катышуу үчүн аларды кандай критерийлер менен тандашканы түшүнүксүз.

«Биздей болгон социалдык бейөкмөт уюмдар, кризистик борборлор, балдар борборлору, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешкен борборлор — отурумда жок. Бул категориядагы адамдар менен да иштеш керек, аларга да жардам бериш керек. Өкмөт да грант алат, диний уюмдар жана саясий партиялар дагы грант алышат. Эмне үчүн бейөкмөт уюмдарга карата гана ушундай тандоо ыкмасы колдонулат?» — деп нааразы болду Тулекова.

Анын айтымында, белгилүү секторлор гана эмес, баары тең отчёт тапшырып, ачык иш жүргүзүшү керек.

«Анда баары тең, өкмөт дагы бардык гранттар боюнча отчёт берип турсун. Араб өлкөлөрүнөн чоң гранттарды алып жаткан диний уюмдар да отчёт тапшырышсын. Эмне үчүн биз бул каражаттардын ачыктыгын көрбөйбүз?» — дейт Тулекова.

Нааразычылык акциясына чогулгандардын айтымында, өкмөт, бейөкмөт секторду колдоп турушу керек, анткени алар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн өз алдынча, мамлекеттин жардамы жок эле каржылоолорду жана гранттарды тартып жатышат.

«Биз бул уктурууларды бойкот кылабыз, анткени бул уктуруулар өкмөттүк эмес сектордук катышуусун чектейт, алар пандемия учурунда бул мыйзам долбоорун кабыл алгылары келип атат», — деди акциянын катышуучусу Чынара Айтбаева.

Акция башталгандан көп өтпөй эле Жогорку Кеңештин имаратынын алдына дароо 20га чукул милиционер келип, демонстранттарды кууп таркатышты, себеп дегенде өлкөгө ӨК режими киргизилген жана массалык чогулуштарга тыюу салынган.

КЭУ жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөр

Кошумча отчёттуулукту шарттай турган КЭУ жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү парламенттин депутаты Бактыбек Райымкулов демилгелеген.

Азыр Кыргызстандагы КЭУлардын баары ансыз деле мүлкү, киреше-чыгашасы жана кызматкерлердин айлык маянасы тууралуу Салык кызматына жана Соцфондго маалымат берип турат.

Бирок Райымкулов бул маалыматтардын жарыяланышын жана атайын түзүлгөн жаңы мамлекеттик порталда сакталышын каалайт. Анын оюнча, бул бейөкмөт уюмдардын ачык-айкындуулугун жогорулатат.

Өкмөт өзүнүн корутундусунда мындай порталды түзүү көп каражатты жана ресурстарды талап кылаарын, ошондуктан жакынкы аралыкта бул мүмкүн эместигин билдирген.