Өткүрбек Жамшитов

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңешке 2019-жылы жасаган ишинин отчётун берип, аны депутаттар бир добуштан колдоп берди. «Клооп» башкы прокурордун отчётундагы жана депутаттардын суроолоруна берген жоопторунун урунттуу учурларын топтоду.

2019-жылда аткарылган иш

Жамшитовдун айтымында, 2019-жылы прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү, социалдык чөйрөдө жана жашы жете элек балдардын укугун коргоо боюнча мыйзамдардын сакталышына, бүтүндөй коомчулуктун жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Мындан сырткары өткөн жылы башкы көзөмөл орган өкмөттүн аппаратында коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик кызматтар, жер, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жана башка мыйзамдардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Жалпысынан өкмөткө жана ага караштуу министрликтер менен ведомстволордун борбордук аппаратына 108 прокурордук акты келтирилип, 133 кызмат адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Башы прокурор билдиргендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешесин жана чыгашасын декларациялоо тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча прокурорлор тарабынан 1332 чара көрүү актылары киргизилип, 2225 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга тартиптик жаза колдонулган.

Ошондой эле, 2019-жылы аялдарга зордук-зомбулук боюнча 5983 иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 795 кылмыш иш соттун кароосуна жөнөтүлүп, 2733 иш же иштин 46 пайызы өндүрүштөн кыскартылган. Бүгүнкү күнү 2 404 кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми Жоруктар кодекси боюнча 9467 факт катталып, анын 60 пайызы же 5 702 иш кыскартылган. Ал эми соттун кароосуна 1105 иш жөнөтүлүп, 2 644 иш боюнча тергөө уланууда.

Башкы прокурор айлык маселесине да токтолду. Анын ырасташынча, прокуратура органдарында иштеген кенже кызматкер 5 миң, катардагы адистер 10 миң, алдыңкы адистер 12 миң сом айлык алат. «Баарыбызга ата-энебиз жардам берет. Мен ошентип ойлойм, алардын [кызматкерлер] бардыгына бүгүнкү күнгө чейин ата-энеси жардам берет», — дейт ал.

Ирина Карамушкина

Карамушкина менен Жамшитовдун «кармашы»

Депутат Ирина Карамушкина 2019-жыл Кыргызстандын жаңы тарыхында адам эркиндигин чектеген жыл катары каларын айтты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, өзүнө жана тарапташтарына козголгон кылмыш иштерин саясий буйрук деп атады.

Карамушкина мындай кыйынчылыктарга карабай Кыргызстанда демократиянын учкундары сакталып калганын белгиледи. Себеби ага өтө оор кылмыштар боюнча айып тагылса дагы депутаттык мандаттын аркасы менен чоң трибунадан башкы прокурорду сындап жатат. Ал мындай нерсе дүйнөдө болбогонун баса белгиледи. Эң башкысы Карамушкина башкы прокурор «тандалма иш козгоп жатканын» белгилеп, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп отставкасын талап кылды.

Өз кезегинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Карамушкина бүгүнкү күнү өзгөчө оор кылмыш иши боюнча шектүү адам экенин эскертти. Андыктан анын айткан ар бир сынын түшүнүү менен кабыл алып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле, Атамбаевдин ишине токтолуп, эгер ал башында эле укук коргоо органдарынын талаптарына көнүп, сотко келгенде «Альфанын» кызматкери бөөдө өлүмгө кабылбай турганын айтты.

«Убагында жакшынакай мыйзамды угуп келип койсо ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды сыйлабаган, каалаганымды кылам дегендин кесепетинен “Альфанын” кызматкери каза болуп, канча адам ыйлап жатат. Мыйзамдын талабы менен алып келели, сурайлы десе көнгөн жок», — деди ал.

Андан сырткары Жамшитов Карамушкинанын жана башка шектүүлөрдүн Кой-Таш окуясындагы күнөөлөрүн сотто далилдеп берүүгө фактылар жетиштүү экенин эскертти.

2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко алып келүү үчүн УКМКнын атайын даярдыктагы тобу анын Кой-Таштагы үйүн штурмга алган. Бирок Атамбаевдин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ал күнү ишке ашкан эмес.

8-августта укук коргоо органдары Атамбаевдин үйүн кайрадан штурмга алууга барганда курал колдонулган. Анын кесепетинен «Альфанын» кызматкери Үсөн Ниязбеков октон каза болуп, бир нече киши ар кандай жаракаттарды алган. Катуу тирешүүдөн кийин Алмазбек Атамбаев багынып берген. Учурда Кой-Таштагы окуя боюнча ондон ашык киши айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын арасында азыркы жана мурдагы депутаттар дагы бар.

Өмүрбек Бакиров

Мыйзамсыз байыгандарды жоопко тартуу

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров 2019-жылы мыйзамсыз баюу беренеси менен болгону 19 иш козголгонуна нааразы болду. Анын айтымында, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, бирок оңбогондой байыган саясатчы менен аткарминерлер толтура.

Ал башкы прокурорго акыркы 20 жыл ичинде байыгандарды бир тизмектеп, кылдаттык менен текшерип чыгууну сунуштады. Бакировдун айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке бир топ эле акча түшөт. Анын бир бөлүгүн сырткы карызга төлөп, бир бөлүгүн бюджеттин таңкыстыгына жумшаса болот.

Депутатка жооп берген Жамшитов аткаминерлердин киреше боюнча тапшырган декларациялары иликтенип, текшериле турганын айтты.

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев

Грозныйдагы абакта отурган Азиз Батукаев

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кримтөбөл Азиз Батукаевди 2017-жылы Чечнянын Грозный шаарынын соту 4 жылга эркинен ажыратканын айтып, анын жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылы аяктай турганын билдирди. Андыктан Чечен республикасынын тийиштүү органдары Азиз Батукаевдин Кыргызстанга алып келүү маселесин 2021-жылдан кийин көтөрсөңөр болот деген маанайда жооп берген.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс аккан дартка чалдыкты» деген негиз менен Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылып, Бишкекке коштоо менен келип, Орусияга учуп кеткен. Батукаев Кыргызстанда массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча үчүн 2006-жылы 16 жылга кесилген болчу.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат, алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

Аскарбек Шадиев

Шадиевдин иши

Баш прокурор Жамшитов мурдагы депутат Аскарбек Шадиев учурда издөөдө экенин, бүгүнкү күнү АКШда баш калкалап жүргөнүн айтты. Эң кызыгы башкы прокуратуранын кызматкерлери аны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн АКШга аттанар алдында коронавирус пандемиясы чыгып калып, иштер кийинкиге жылып кеткен. Ошентсе да, Жамшитов Шадиевдин иши боюнча жыйынтык болот деп ишендирди.

Алгач Башкы прокуратура 2018-жылдын апрелинле Шадиевге карата КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң долларды өзүнө ыйгарып алганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иш козгогон.

Кийин ал Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин «Мыйзамсыз баюу» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча да кылмыш иштери кошулган.

Шадиев 2018-жылы декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып сыртынан мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга кесилген.

Данияр Үсөнов (Даниил Урицкий)

Данияр Үсөновду экстрадициялоо маселеси

Беларустун соту мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду (Даниил Уруцкий) «ал Кыргызстанда саясий негизде соттолуп жатат» деп эстрадициялоодон баш тарткан. Жамшитов мындай абалга карабай кыргыз тарап аны алып келүүгө аракет кыларын айтты.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов 2010-жылдагы окуялардан кийин Беларуска качып кеткен. Ал 80 адам набыт болгон төңкөрүш күнү каршылыкка чыккандарды массалык атуу үчүн иши боюнча айыпталып, Кыргызстандын соту сыртынан өмүр бою абакка кескен. 2017-жылы Данияр Үсөнов атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган.