Ошто айдоочулар коронавирус боюнча анализдин жыйынтыгы кеч чыгып жатканын айтышууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жүк ташуучу унаалардын айдоочулары коронавируска тапшырган анализдери үч күн бою «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинин базасына түшпөгөндүктөн, анын жыйынтыгын шаардык санэпидемстанциядан өзүлөрү барып алып келүүгө мажбур болушканын билдиришти.

«Шаардык СЭСке барып өзүбүз уруш-талаш менен чыгартып келдик. Барсак адамча кабыл алган эч ким жок. Ызылдап, бардыгы эле кыйкырып-бакырып, орой мамиле жасашат экен. Мен ошол телефонумдагы кодду көрсөтүп “текшергиле менин анализим чыкты” десем, ”сенин анализиң жок, бизге келе элек” деди, номерди айтып карагыла десем караган жок, бирок ошол номер менен чыкты кийин», — деди Айбек аттуу айдоочу.

Буга чейин айдоочулар «Клоопко» чек арадан өтөөрдө эки жактан тең милдеттүү түрдө коронавируска карата анализ тапшырышаарын, бирок Кыргызстанда тапшырган анализдеринин жыйынтыгы кечигип жаткандыктан чек ара бекетиндеги унаа токтотуучу жайда калууга аргасыз болуп жатышканын кабарлашкан эле.

Ошондой эле алар Өзбекстанда коронавируска текшерүү иши машакат жаратпаганын, анализдин жыйынтыгы сегиз сатта чыгаарын белгилешти.

«Өзбекстанга цемент алып киребиз, кайрадан бир күндө чыгабыз, чыгаарыбыз менен анализ алат. Өзбекстанда тапшырган анализдин жыйынтыгы 8 саатта келет. Биздин көйгөйүбүз эле ушул жерден эртерээк чыгарса, [анализдин] жыйынтыгы убагында келсе», — деген айдоочу Мелис Разаков.

Бирок өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Нуркыз Кадырбекова анализдердин жыйынтыгы ашып барса 2 күндө келээрин айтып, мындай болушу мүмкүн эмес деп билдирди.

«Бир гана нерсе болушу мүмкүн, эгерде айдоочулар аз келген болсо, бир эле анализди алып бара албай, бүгүнкү күндү да кошуп алып барып чыгарып келели деп [айтышы мүмкүн]. Анан билесиздер, бизде ал жерде тийиштүү жабдуулар жок. Андан ары дагы чогуу алып барып келейин деп бир күн кечке келген айдоочулардыкын күтүп, анан алып барышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

Ал облуста COVID-19га текшерилүү үчүн лабораторияда медициналык каражаттар жана адистер жетиштүү экенин кошумчалады.

Анализдин жыйынтыгы Ош шаардык СЭСте жасалып «Достук» өткөрмө бекетинин базасына которулушу керек. Ал эми санэпидемстанциядан база өз убагында эле жаңыланып жатканын айтышты. Анткен менен мекеменин кызматкерлеринин бири базага жооптуу адам ооруп калганын айтып, маселе ошондон улам жаралган болушу мүмкүн деп билдирди.