Жалал-Абадда аялын такай сабап, ажырашкандан кийин куугунтуктап жүргөн киши 6 жылга кесилди

Кара-Көл шаардык соту үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган жаранды алты жылга эркинен ажыратты. Өкүм 16-апрелде чыккан. Укук коргоочулар бул тууралуу 21-майда кабарлашты.

Эркек киши аялына карата зомбулук жасаганы үчүн буга чеийн да соттолгон — ал айыппул төлөшү керек болчу. Бирок ал өкүмдү аткарган эмес. Ошондуктан апрелде өткөн сот бир нече кылмыштын жыйынтыгын чыгарган.

«Бул ишти караган судья – «Ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган буюмдарды колдонуу же колдонуу аракети менен бейбаштык»; «Соттун айыптоо өкүмүн аткарбагандыгы»; «Үй-бүлөдөгү зомбулук» кылмыштарынын жыйындысын чыгарган», — деп билдиришти «Справедливость» уюмунан.

Бактыгүлдүн окуясы

Кайнак суудан калган күйүктөр

Бактыгүлдүн айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулук турмушка чыккан күндөн тарта эле башталган. Ур-токмоктон улам анда интракраниалдык кан басымы пайда болуп, ал эми экинчи төрөттөн соң талма оорусу башталган. Зордукка кабылган аял кайнак суудан оор жараат алган. Күйөөсү аялын гана эмес, балдарын да кошо урган.

Ажырашуу да зомбулуктан кутулууга жардам берген эмес — күйөөсү мурдагы аялынын артынан түшүп ура баштаган. Ошол эле учурда милиция эч кандай чара көрө алган эмес.

«Милициянын башчысы мага менин күйөө баламдан тажаганын айтты. Бир жагынан ал аялын сабаганды токтотпойт, бир жагынан силер бизди чакыргандан тажабайсыңар деген ал», — дейт Бактыгүлдүн апасы.

Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмүнүн улук лейтенанты Медер Болотбековдун айтымында, жаңы мыйзамга байланыштуу милиция Бактыгүлдүн күйөөсүн суракка алып, андан түшүндүрмө гана ала алган.

«Бизде жаңы мыйзам боюнча, Жазык процесстик кодексинин 105-беренесине ылайык, жоруктар боюнча биз шектүүнү үй камагына же камакка ала албайбыз. Ушул себептен биз аны суракка алып, суракка келүүгө милдеттендире гана алабыз», —деп «Справедливость» уюму Болотбековдун сөзүн баяндайт.

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт