Бишкек — Ош жолундагы жол кырсыгынан төрт адам каза тапты

Сүрөт: Жалал-Абад облусунун Кайгуул кызматы

Жалал-Абад облусунун кайгуул кызматынын маалыматы боюнча кырсык 25-майда болжолдуу түнкү саат 01:00 Бишкек — Ош жолунун 355 чакырымында болгон.

Жол кырсыгынан улам төрт адам каза тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, «Хонда Одиссейдин» айдоочусу унаасын башкара албай калгандыктан улам кырсык жүз берген.

Жалпысынан машинада жети адам болгон, алардын ичинен төртөө каза таап, жабыркагандардын үсөөсү Кара-Көл шаардык ооруканасынын реанимациясына жеткирилген.

Каза тапкандардын бирөөсү айдоочу өзү болгон, калган үч маркумдун өздүгү такталып жатат.