Депутат Жеенчороев КЭУ тууралуу мыйзамына түзөтүүлөргө каршы добуш берээрин айтты

Парламенттин депутаты Мирлан Жеенчороев 24.kg басылмасына курган маегинде коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөр боюнча каршы добуш берээрин билдирди. Бул түзөтүүлөр бейөкмөт уюмдарды киреше булактары тууралуу кошумча отчёт берүүгө милдеттендирет.

Анын айтымында, мыйзам КЭУларга кошумча отчёттуулук формасын түзүүнү багыттайт, бул ашыкча бюрократия менен тоскоолдуктарды жаратат. Ал бул өкмөттүн санариптештирүү программасына карама-каршы келет деп эсептейт.

Депутаттын айтымында, ал мыйзам долбоорун колдобойт, анткени аны басмырлоочулук жана керексиз деп эсептейт.

«Мыйзам айрым бир уюмдардын же жарандардын категориясына карай эмес, бардык юридикалык жактарга карата иштеши керек. Бүгүнкү күндө бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердиги өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынат. Алардын каржы булактыры көбүнчө эл аралык уюмдар болуп эсептелет, алардын аудити авторитеттүү органдар тарабынан жүргүзүлөт. Демек, жергиликтүү эсепчилер тарабынан жүргүзүлгөн отчёттуулукту күмөнгө койсо болот», — деди Мирлан Жеенчороев.

Депутаттын ою боюнча, Салык жана Жарандык кодекстер маморгандарга бейөкмөт уюмдар менен КЭУлардын акча каражаттарынын жүрүмүн көзөмөлдөөгө жетишээрлик мүмкүнчүлүк берет.

«КЭУнун улуттук реестрин көзөмөлдөй турган жаңы органды түзүүнүн кажети жок. Жаңы башкармалыкты же реестрди түзүү үчүн мамлекеттик каржылоо керектелет. Бейөкмөт уюмдар менен КЭУлар — он миңдеп саналат, ал эми Юстиция министрлигинин бөлүмдөрү Бишкекте жана облустук борборлордо гана бар, бул ашыкча көп чыгымдарга жана процедураларга алып келет», — деп кошумчалады ал.

Жарандык коомдун сыны

Бейөкмөт сектордун активдүү мүчөлөрү менен эл аралык уюмдар мыйзам долбоору жарыяланган күндөн бери эле түзөтүүлөргө макул болбой кооптонуп келишет.

Түзөтүүлөр боюнча коомдук талкуу чоң резонанс жаратты. Активисттер талкууларды өлкөдө коронавирус эпидемиясы төмөндөп баштаган убакка жылдырууну өтүнүшкөн, бирок парламент макул болгон эмес. Айрым укук коргоочулар бийлик Конституцияны бузуп жатат деп билдирип, талкууга каршы митингге чыгышкан, мындан тышкары, нааразычылык акцияга талкуу өлкөдө өзгөчө кырдаал иштеп жатканда болгону жана парламентке 60 гана адамды киргизишкени себеп болгон.

КЭУлардан кошумча отчёттуулукту талап кылган мыйзамга түзөтүүлөрдү парламенттин депутат Бактыбек Райымкулов демилгелеген.

Учурда Кыргызстандын бардык КЭУлары мүлкү, кирешеси, чыгымдары жана кызматкерлеринин маяналары тууралуу Салык кызматы менен Соцфондго маалымат берип турууга милдеттүү.

Бирок Райымкулов бул маалыматтардын жарыяланышын жана атайын түзүлгөн жаңы мамлекеттик порталда сакталышын да каалайт. Анын оюнча, бул бейөкмөт уюмдардын ачык-айкындуулугун жогорулатат.

Өкмөт өзүнүн корутундусунда мындай порталды түзүү көп каражатты жана ресурстарды талап кылаарын, ошондуктан жакынкы аралыкта бул мүмкүн эместигин билдирген. Бирок Юстиция министрлигинин өкүлдөрү талкуу учурунда портал ведомствонун бюджетинин эсебинен түзүлөт, ошондой эле кошумча каражаттар жана кызматкерлер керектелбейт деп билдиришкен.

Бул тема боюнча: Фирмалар, бодо мал, көк бөрү. Бейөкмөт уюмдардан отчёт алгысы келген депутат Райымкуловдун байлыгы