Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 1000ден ашты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 23 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын ичинде алты медкызматкер бар. Айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 20. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда эки жана Нарын облусунда бир бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1015ке жетти — алардын арасында 237 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 26-майга карата коронавирустун жаңы 35 учур катталды — жалпы 1468учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 437 адам жатат — алардын төртөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.