«Достук» чек ара бекетинде Өзбекстанга өтө албай топтолуп тургандар.  Сүрөт: Хамидулло Узаков

Кыргызстандын чек ара кызматы 26-майда Ош облусундагы «Достук» чек ара бекетинен 50 кыргызстандык аял Өзбекстанга өткөнүн билдирди.

Буга чейин алар кыргыз өкмөтүнө жана коңшу өлкөнүн президентине кайрылып, чек араны ачууну суранышкан. Анткени аялдар өзбек жарандарына турмушка чыгышкандыктан карантинге чейин Кыргызстанга келген бойдон кайра кете албай калышкан.

Буга чейин «Достук» өткөрмө бекетинин алдында топтолуп турган ондогон адамды көрүүгө болот эле. 21-майда алар Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында чогулушкан. Алар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, аларга үй-бүлөлөрүн сактап калууга жардам берүүнү суранышкан.

«Клооптун» журналисттери чек ара ачылганга чейин «Достуктун» алдында топтолгон аялдар менен баарлашып, алар эки ай бою кандай кыйынчылыкка туш болушканын баяндап беришти.

«Достук» чек ара бекети. Сүрөт: Хамидулло Узаков

«Ата-энебиздин үйүнө да батпай калдык»

Келиндердин биринин айтымында, ага Өзбекстандын жарандыгы берилген эмес. Мындан улам ал ар эки ай сайын Кыргызстанга кирип-чыгууга милдеттүү. Эгер белгиленген убакыттан бир күн өтүп кетсе да аларга айыппул салынат.

«Андижанга келин болгонума 24 жыл болду. [...] Өзбекстандын паспортун бериңиздер деп 2 жылдан бери арыз беребиз, беришпейт. Эки перзентим бар, эң кичүүм кичинекей, ал атасынын колунда калды. Бир жумадан бери чек ара бекеттин алдында жүрөбүз», — деп ал абалды түшүндүрдү.

Чек ара ачылып калаарына үмүттөнгөн аялдардын айрымдары «Достуктун» жанында түнөөгө аргасыз болушкан, ал эми тыйыны барлары акы төлөп жакын жердеги үйлөрдө калышкан.

«Мен ал жакка 2013-жылы келин болуп баргам. 2 балам бар, атасын сагынышты, чек арадан өтө албай жатабыз. Ата-энебиздин үйүнө да батпай калдык. Балдар менен кыйналып кеттим, кечээ да жамгырда калдык. Ата-энемдин үйү Жалал-Абадда. Ал жакка жол узак, барып келгенге тыйыным жок. Акчабыз да түгөндү, балдарымдын курсагы ач», — деди келиндердин бири.

«Достук» чек ара бекети. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Ал эми Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Нодир Аманов эки өлкөнүн жарандары үчүн тең үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин каттоо мөөнөтү узартылгандыгын айтты.

«Учурда чек ара жабык болгондуктан каттоо маселеси боюнча жарандарда көйгөй жаралбайт. Эгер чек аралар ачылбаса 1-июндан кийин деле узартып берүү маселелери каралууда», — деди ал.

Ошондой эле Аманов Өзбекстанга өткөрүлгөн учурда бардык адамдар алгач карантинге алынарын кошумчалады.

«Күйөөм ажырашам деп жатат»

Ал эми атын атагысы келбеген дагы бир аял Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп келген, жолдошу Орусияда миграцияда. Кайын журту менен болгон чырдан улам ал төркүнүнө кете албай убара тарткан.

Ага өтүүгө уруксат берилгени менен, жалгыз уулун алып кете албай жаткан — себеби уулу кыргызстандын жараны. Келин буга чейин батирде жашап жүргөнүн, шарт оорлошкондон кийин күйөөсү менен кеңешип төркүнүнө бир нече убакытка барып келүүнү чечкенин айтат.

«Достук» чек ара бекети. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Бирок ал башкалардай эле бекетте түнөп калууга аргасыз болуп жүргөндө, күйөөсү аны милиционерлер менен жакын мамиледе болгонсуң деп айыптап, учурда ажырашам деп жатканын билдирген.

«Баламды өткөрбөй жатат. Кайрылсам “балаң калсын, өзүң өтө бер” дешти. Баламды калтырчу адамым жок. Бүгүн көчөдө калганыма 10 күн болду. Күйөөм милиционерлер менен жатып жүрөсүң деп сөгүп, талак да берди», — деген ал көзүнө жаш алып.

Анын айтымында, кайын журту аны баласы менен кошо үйдөн кууп чыккан, ал эми Кыргызстанда тааныштары болбогондуктан баласын калтыра албай ара жолдо калган.

«Достук» чек ара бекети. Сүрөт: Хамидулло Узаков

23-майдан тарта Өзбекстан өзүнүн жарандарын да кабыл ала баштады. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча 4300 өзбек жараны чек арадан өттү.

Материал жарык көрөөр алдында Кыргызстандын чек ара кызматынан «Достуктун» жанында топтолгондор жок экенин билдиришти.