Өлкөдө COVID-19дан дагы 28 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурган дагы 28 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылышты — алардын ичинде алты медкызматкер бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-майдагы брифингде кабарлады.

Бишкек шаарында 14, Нарын облусунда сегиз жана Жалал-Абад облусунда алты бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1043кө жетти — бул оорулуулардын дээрлик 69 пайызын түзөт. Ошондой эле оорудан сакайгандардын арасында 243 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 27-майга карата коронавирустун жаңы 52 учур катталды — жалпы 1520 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 461 адам жатат — алардын төртөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.