Өлкөдө COVID-19дун көбү карым-катнаш аркылуу жуккан

Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын жалпы санынын ичинен 30% сырттан алынып келинген, калганы байланыш аркылуу жуккан учурлар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-майдагы брифингде ведомство сырттан келгендердин ичинен бир да жуктуруу учурун өткөргөн эместигин билдирди.

Бирок, Үсөнбаевдин айтымында, бейтаптар акыркы жолу кайда болушканын айта албаган учурлар бар — бул адам коронавирусту кантип жуктуруп алганын аныктоого тоскоолдук жаратат.

«Бүгүнкү күндө, вирустун сырттан кирген учурларын убагында аныктап, дарылоо үчүн эпидсистема иштелип чыккан. [...] Өздөрү кайрылган өзүнчө учурлар бар, кээде бейтаптар акыркы эки апта ичинде кайда болушканын айта алышпайт, ушундан улам биз тобокел факторлорун жана вирустун өтүү жолдорун аныктай албайбыз. Бирок бардык учурлар иликтенип жатат, бардык себеп-натыйжалаш байланыштар изилденүүдө», — деди Үсөнбаев.

Республикалык штабдын жыйынында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да жарандар COVID-19 симптомдоруна шектенип медициналык мекемелерге көп кайрыла башташканын кабарлаган.

Бул анын айтымында, жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт.

«Жарандар коронавирус менен ооругандар менен түз байланышта болбой туруп жана кайда, качан жугузганын билбей, вирустун белгилери бар болгондуктан медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп кездешүүдө. Бул жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер катуу сакталышы үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл», — деп айткан Кубатбек Боронов.

27-майга карата республика боюнча коронавирус жуктуруунун 1 520 учуру катталган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан 1 043 адам айыгып, бул вирусту жуктурган 16 адам каза тапкан.