Атамбаев КСДПнын мүчөлөрүн «уруш-керишти унутуп», парламенттик шайлоого даярданууга чакырды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 27-майда адвокаты аркылуу Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрүнө кайрылуусун берип жиберди. КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков катты фейсбук барагында жарыялады.

Атамбаев катында парламенттин депутаты жана КСДПнын жаңы төрагасы Анвар Артыковду партиянын жетекчилигине шайланышы менен куттуктады.

Кайрылууда Атамбаев партиянын «катарын ыдыраткысы келип аткандардан арылыш керектигин» да белгилеген.

«Бардык уруш-керишти, ушактарды унутуп, бардыгы анын [Артыковдун] айланасында биригиши керек. Парламенттик шайлоого даярдык көрүүгө убакыт келди», — деп жазган мурдагы президент.

Темирлан Султанбеков да КСДП парламенттик шайлоого даярдана баштаганын билдирген.

КСДПда эмне болуп жатат?

Буга чейин Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы билдирүү жарыялаган. Ага ылайык, КСДПнын төрайымы Асел Кодуранова партиянын жетекчилик кызматын тапшырып, ыйгарымдарын Анвар Артыковго өткөрүп берген.

Рыскелди Момбеков менен Кундуз Жолдубаева да партиянын төрайымынын орун басарлык милдеттерин тапшырып, саясий кеңеште мүчөлүгүн токтотушту, бирок алар КСДПнын мүчөсү болуп кала беришет.

Саясий кеңештен жана партиядан Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев жана Кундуз Ажыбекова чыгып кетишкен.

Партиянын билдирүүсү боюнча, мындай өзгөрүүлөргө «партиянын жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таш окуялары боюнча соттук иштерге тартылганы» себеп болгон.

Партиянын ыдырашы

Президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда КСДП Кыргызстандагы эң таасирдүү партия болчу, андан кийин анын мураскери Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенден кийин мурдагы президент бул партияны жетектеп калган.

Партиядагы уруш-талаш Атамбаевдин президенттиги урунда эле башталган, бирок ал Атамбаев Жээнбеков менен араздаша кеткенден кийин ыдырап кеткен. Партиянын бир бөлүгү президентти ачык колдоп чыккан. Ал эми кыйла аз бөлүгү — Атамбаев тарапты жактаган.

Андан кийин КСДПны документалдык түрдө качандыр бир убакта куулган Сагынбек Абдрахмановго каттатышкан — партиянын бул бөлүгүн «Атамбаевсиз КСДП» деп атай башташкан.

Кылмыш иштердин айынан Атамбаев партиянын лидерлигинен баш тартууга аргасыз болуп, анын партиядагы кызматы Асел Кодурановага өткөн.

Мурдагы президент камакка алынгандан кийин саясий аренага анын уулдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер чыгышкан. Алар алгач партияга кирип жаткандыгы туууралуу ачык билдирүү жазышканы менен бирок саясий кеңешке киришкен эмес.

2020-жылы майда КСДП партиясынан чыгып кеткен адамдардан турган СДК партиясы жаралган. Бул тууралуу Адил Турдукулов, Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаева менен ачык тирешке өткөн депутат Ирина Карамушкина билдирген.

Ушул эле айда соцтармактардагы ар кайсы пабликтер Атамбаевди сатып кетти деп Турдукуловду, Кодуранованы, Жолдубаеваны айыптаган постторду жарыялай башташкан. Турдукулов буга «Сегизбаевдин колу» тийген деп билдирген, ал мындай пикири менен УКМКнын мурдагы башчысы жана Атамбаевдин үзөңгүлөшү Абдил Сегизбаев жөнүндө айткысы келген.

Ошондой эле Турдукулов бир тууган ага-ини Атамбаевдерди КСДПнын ыдыратышты деп айыптаган — алар болсо соцтармактарда кайрымдуулук сапарларынын, бак-дарак тигишкендеринин жана самсы бышырышкандагы учурларынын сүрөт отчётторун жигердүү жарыялап турушкан. Алардын атасынын тарапкерлеринин ичинен алар менен болгону Темирлан Султанбеков (дээрлик ар бир сүрөттө) жана Ирина Карамушкина гана жүрөт.