Депутат Жумалиев «Чоң Казаттын» лидеринин үстүнөн ИИМге арыз таштады

Депутат Жумалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, ИИМге арыз менен кайрылды.

Депутаттын адвокаты Бактыбек Жумашев фейсбук барагында арыз ИИМге 28-майда «Канат Хасанов депутат Кубанычбек Жумабековду оор кылмыш кылды деп ачык айыптаганына байланыштуу» берилгенин жазган.

Депутат өз арызы менен Канат Хасановду кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо үчүн жоопко тарткысы келет.

Мурдараак Хасанов фейсбук барагында жеке маалыматтарына таянып, Жумалиев «Ленин райсотунун төрагасына 100 000 доллар сунуштады» деп билдирген.

Хасанов 28-майда күбө катары суракка алынганын жана андан «Чоң Казат» кыймылы менен бул кыймылдын дагы бир башка мүчөсү Сыймык Жапыкеев тууралуу сурашканын кабарлаган. Ага ошол эле күнү саат 17:00гө экинчи суракка чакыруу кагазы берилип, ал бул суракта күбө эмес, шектүүгө айланып калышы мүмкүндүгүн айткан.

Хасанов тарапташтарын сурактын жыйынтыгы кандай болгон күндө да митингге чогулбоону суранды, анткени «алар ушуну эле күтүп жатышат». Ал өзү ИИМдин тактикасына «илинбейт», эгер аны же башка лидерлерди «жок кылышса» да «Чоң Казатты» токтотуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, Хасанов сурактан кийин парламенттик шайлоого катышууга даярмын деген чечим кабыл алды. Хасанов өзү да жана «Чоң Казат» кыймылы да парламентке мыйзамдуу жол менен гана барышаарына ишендирди.

30 белгилүү ууру жана Куран кармап ант берүү

Мурдараак Сыймык Жапыкеев соцтармактарда депутат Жумалиевдин мүлкү кирешесине туура келбейт деп билдирип, Кыргызстанда «30 белгилүү ууру бар» деп айтып чыккан.

Ошондой эле ал эл өкүлү мүлкүн күмөндүү жолдор менен тапкан деп кабарлап, аны текшерүүнү талап кылган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

26-майда ИИМден маалымдашкандай, Тергөө кызматы Жапыкеевдин соцтармактарда айткан сөздөрү боюнча лингвистикалык экспертизаны аяктады.

Бул экспертиза 7-майда демилгеленип, парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат тарабынан өткөрүлгөн.

Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген. Бирок, өткөн жылдын декабрында Economist.kg басылмасы менен «Декларатор» долбоорунун иликтөөсүнүн фигуранты болгон. Журналисттер аныкташкандай, Жумалиев өз декларацияларында ага жана анын жубайы Роза Амановага толук же жарым-жартылай таандык болгон 33 фирманы көрсөтпөй, аларды Салык кызматынан жашырып койгон.