Москвада полиция кызматкерлери кыргыз жаранын сабашты

Кыргызстандык мигрант «Азыркы учур» сайтына курган маегинде Москванын полициясы Кремлдин дубалдарынын алдында сабагандан кийин баш-мээ сөөгүнөн жаракат алып, буту көгөрүп аксап калганын айтып берди. Ал Орусиянын тергөө комитетине арыз жазып, Кыргызстандын элчилигине жардам сурап кайрылган, бирок жооп ала элек.

Эмне болду?

Кыргызстандык Нурсултан Москвага иштөөгө кетип, ал жакта курулушта эмгекетенип жүргөн. Ал Москва метросунун жанында бир нече полиция кызматкери келип, документтерди сурашканын айтат. Алар Нурсултандын документтеринин аныктыгына ишенбей «документти базадан текшерүү үчүн» аны өздөрү менен кошо автобуска баруусун суранышкан.

Нурсултандын айтымында, эч кандай текшерүү болгон эмес, полиция аны дароо эле автобуска киргизип, колу-бутун эки жака сундуруп, сабай баштаган.

«Жылдыз позасында 40 мүнөттөй турдум, бутума тура албай калганда тизеге чаап, андан ары турууну буйрушту. Турууга аргасыз кылып атышты, тура албай калдым, бутум ооруй баштады. Алар болсо кайра келип, дагы бир жолу урушат», — дейт ал.

Полиция Нурсултанды коё бергенден кийин ал дароо ооруканага кайрылган. Анын айтымында, ооруканада ал врачтардын корутундусун күтүп бир нече саат отурган.

«Корутунду ошол бойдон чыккан жок. Кетип калдым. Эртеси күнү мигранттарга жардам берген “Тонг жахони” уюмуна чалдым», — дейт Нурсултан.

Укук коргоочу Валентина Чупик ага тергөө комитетине арыз жазууга жана окуя тууралуу Кыргызстандын элчилигине кабарлоого жардам берген.

«Азыркы учур» тергөө комитети укук коргоочулардан түшкөн арызды үч күндүн ичинде карап, кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу тууралуу чечим чыгарышы керек деп жазууда.

Нурсултан эми укук коргоочунун жардамы менен ур-токмоктон кийинки жаракаттарын көрсөтүш үчүн дагы бир жолу травмотологияга кайрылып, ал жактан кыргызстандык баш сөөгүнөн жаракат алып, бутун кокустаткан деген диагноз чыгарып беришкен. Травмотолог тез жардам чакырып, андан кийин ал ооруканага жаткырылган.

Кыргыз ТИМи эмне деп жатат?

ТИМдин басма сөз кызматынан эгер кыргызстандык элчиликке кайрылган болсо, анда ага сөзсүз жардам көрсөтүлөөрүн айтышты «Клоопко».

«Бардык арыздар, кайрылуулар сөзсүз катталат жана биздин көзөмөлдө болот. Ага жардам берилиши керек», — деп белгилешти ведомстводон.

Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылга карата маалыматына ылайык, Орусияда миграциялык каттоодо 640 миңден ашуун кыргызстандык бар.